Рет қаралды 479
Жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында эки ирээт табигый кырсык катталган. Бактыга жараша адам өмүрлөрү жабыркаган жок. Бирок турак жайлардан материалдык чыгымдар келтирилген. Кыйын кырдаалдан чыгып, ордун толтурууда камсыздандыруудан өтүү маселени жөнгө салаары талашсыз. Учурда Нарын облусунда элүү үч миңден ашык турак жай бар болсо, анын алты миңден ашыгы кана камсыздандыруу полисин алышкан. Андыктан адистер жарандарды камсыздандыруудан өтүүгө чакырышат.