Рет қаралды 261,382
#ЫдырысИсаков, #Ydyrysisakov, #жоокер
Бизге көп нерсе жетпейт, көп кемчиликтер бар. Бирок маселе анда эмес. Эл кемчиликке, жокчулукка, ыңгайсыздыкка чыдайт, түшүнөт, көтөрөт. Бирок элди наразы кылган эң негизги нерсе - адилетсиздик. Эл адилетсиздикке чыдабайт.
Жоокерлер армиядагы адилетсиздикке наразы, догдурлар саламаттык сактоо министрине наразы, мугалимдер билим берүү министрине наразы, окутуучулар, илимпоздор Улуттук илимдер академиясына наразы. Бирок ал наразылыктарды, алар айткан адилетсиздиктерди сот чечип койбосо бүткүл системага болгон наразылык күчөйт.
Мисалы бул 18 жыл куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат кылып, акырында жөн гана борттон түртүлүп калган жоокер кимге ыраазы болуш керек?