Жылдыз Орозобекова, профессор: "Жусуп Мамайдын вариантында Манастын улуту калмак болуп көрсөтүлгөн"

  Рет қаралды 1,042

Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн

Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн

5 жыл бұрын

"Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Манас баатыр калмак болуп көрсөтүлгөн. Кыргыздар анын 1100 беттен турган көлөмдүү китебин толук окуп чыкпай эле дүрбөп жатышат. Алгач Жусуп Мамайдын "Манас" эпосун толук окуп чыгып, анан дүрбөсөк болмок. Баса, Жусуп Мамай жазгыч манасчы, ал манас айтуучу эмес", - деп билдирди бүгүн, 12-июнда филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова.
"Жусуп Мамайдын "Манас" китеби 2012-жылы Синзяндан (Кытайдан) чыккан. Ушунун 6-8-беттеринде мындай маалымат берилген. “Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн, аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. Мына текст.
“Барбагын элге сен болсо,
Атың “Кыр кез” болсун-деп.
Айдап кое бериптир,
Тоо бойлоп кетти жаш балдар,
Кичүүсү бар, чоңу бар,
Эркек кызы бир-бирден,
Жуп болушту ушулар.
Калаш кандын уулунун,
Алганы эркек тууптур.
Киши көрбөй тоодо өскөн,
Оозуна келген кепти айтып,
Атын Бөйн коюптур,
Бөйөндөн Чаян төрөлдү.
Чаяндан туулду Каракан,
Каракандан “Кыр кездин”
Бир далайы тараган” [Китептин 7-бетинде]
Таштанды балдар эр жетип калганда, кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат, андан Бөйөн туулат, Бөйөндөн Чаян, анан Каракан. Каракандан Орозду, беш аялынан он уул. Жердеген жери Энесай. Жусуп Мамайдын китебиндн дагы мындай эки сап жазылган.
“Хан Ногой калмак Жакыпты
Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде]
Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот. Дагы бир цитата.
“Анда Алооке деген бар экен,
Кара кытай, калмакты
Бийлеп турган кан экен.
Алооке ээлеп турган жер,
Нарын деген шаар экен” [Китептин 7-бетинде]
Кыргыздын бир да жери кыргызга таандык эмес болуп, моңгол менен калмакка аралашып кетет экен. Кийин Орозду кытайлардан жер талашып согушат, кыргыздарды жетектейт, ал өлгөндөн соң кытайлар кайра басып алып, ошондон ары калмак Жакыптан Манас туулат. Жусуп Мамайдын китебиндеги “Манастын төрөлүшү” деген бүлүктө ушундай “версия”. Ата-энеси жериген таштанды баладан, аны менен кошо куулган күндүн (кулдун) кызынан кыргыз таралып, анан баскынчылыктын азабынан калмак тектүү болуп чыга келген экенбиз. Тобо, ушул акылга сыйбаган окуя ушу даремети менен Кытайдан басылып бизге жетип олтурат.
“Манас” эпосунун 80 вариантынын биринде да мындай түрдөгү санжыра тарыхыбыз жок. Ушундай “калмактанган” сюжетти жараткан авторго Кыргыз Республикасынын “Эл баатыры” деген наамды бердик. Азыр Арабаев университетиндеги Манас таануу институтунда студенттер Мамайдын вариантын негизги окуу курал катары пайдаланып жатышат. Муну институттун директору Т.Тургуналиев маданият министирлигинде өткөн жыйында “жетишкендиктин үлгүсү” катары баса белгиледи. Мындай көрүнүштөргө “баракелде” деп айталбайбыз", - деди профессор Жылдыз Орозобекова.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Пікірлер: 15
@kuljamaleshimbekova3532
@kuljamaleshimbekova3532 Жыл бұрын
Рахмат "Манас"эпосу боюнча өтө сабаттуу адам экенсиз.Мен да кошулам Сагынбай,Саякбай варианттарынын 1965- жылы чыккан гана вариантын сунуштайм
@user-qf9uo5fj7b
@user-qf9uo5fj7b 3 жыл бұрын
Жылдыз эже сыяктуу окумуштуулар кыргызды сактайт.Ошон үчүн окуш керек , а то кытайдын тепсендисинде калабыз
@user-kp6mn5gx1u
@user-kp6mn5gx1u 4 жыл бұрын
Кан
@rickhan4492
@rickhan4492 2 жыл бұрын
Союз убагында этикага туура келбеген жерлерин алып таштаса керек,жусуп Мамай кунолу эмес, Манас атабыз бурут, чынгызхан бурят болу керек, Олан Гоа бурят экен, туматай бурят Баргузин бурят болу керек,
@kunduzshaidieva4720
@kunduzshaidieva4720 4 жыл бұрын
Негедир Жылдыз эженин чындыгын Топчубек деген шакал билгиси келбейт
@user-qs8wm8uk1c
@user-qs8wm8uk1c 4 жыл бұрын
Оой арсыз! Сен эмнени билесиң
@kunduzshaidieva4720
@kunduzshaidieva4720 4 жыл бұрын
@@user-qs8wm8uk1c сен нени билесин Китепти окуп чыгыныз анан мага асылыныз.
@user-qs8wm8uk1c
@user-qs8wm8uk1c 4 жыл бұрын
@@kunduzshaidieva4720 окумак турсун жатка билеп бүт саптарын! Кырылбай жооңду кыргын”- Кырк уруулуу кырк жүзгө, “Кыргыз” деп Мамай ат койду. Ошол күндөн ушул күн, Кырк уруу - кырк жүз элине, “Кыргыз” деген ат конду. Жыйылып, кыргыз, турасың, Айткан кебим угасың. Хан Мамайдын жалгызы, Бөдөнөнү бөпөлөп, Хан көтөрүп алалы, Билесиңер, баарыңар, Бөрү алгандын баласы, Тир жебей түлкү аларды. Атасындай баласын, Эрке кылып алалы, Эл башкартып мырзаны, Серке кылып алалы. Өтүп кетти хан Мамай, Минген атын жоорутпай, Душманга кебек алдырбай, Элинин көөнүн оорутпай. Мен билгенден хан Мамай, Жазыксыз камчы чаппады, Жаман кеп элге айтпады,
@user-qs8wm8uk1c
@user-qs8wm8uk1c 4 жыл бұрын
@@kunduzshaidieva4720 Каракандан “Кыркездин”, Бир далайы тараган. Каракандан Орозду, Ойротто жок чоң болду. Баш бербей Чыңгыш моңгулга, Токсон миң үйлүү эл болду. Жердеген жери Энесай, Моңгулга жүрдү баш бербей, Беш катындан он уул, Мынакей монгулга калмака баш бербей жүрөт деп айтылып турат, бул жерде калмак деген жок калмака баш бербейт деп турат
@kunduzshaidieva4720
@kunduzshaidieva4720 4 жыл бұрын
Жусуп Мамайдын вариантын окусаныз
@eau4604
@eau4604 4 жыл бұрын
Жусуп Мамай, кытайлардын, акчасына, сатылганбы анда?
@user-gs3mq4bb7y
@user-gs3mq4bb7y 4 жыл бұрын
Менимче сатылбаган. коркутушкан
@user-qs8wm8uk1c
@user-qs8wm8uk1c 4 жыл бұрын
Оой арсыз! Кантип ушинтип жатасың
@kunduzshaidieva4720
@kunduzshaidieva4720 4 жыл бұрын
Китеп Кытайда басылып чыккан сон тушунуктуу да.
Эффект Карбонаро и нестандартная коробка
01:00
История одного вокалиста
Рет қаралды 9 МЛН
Alex hid in the closet #shorts
00:14
Mihdens
Рет қаралды 7 МЛН
Clowns abuse children#Short #Officer Rabbit #angel
00:51
兔子警官
Рет қаралды 72 МЛН
Survival skills: A great idea with duct tape #survival #lifehacks #camping
00:27
шаардык балдар айылда. ай балалык балалык
5:42
Муратбек Жаналиев
Рет қаралды 15 М.
“Манас тууралуу куранда жазылган”
34:37
Сфера Азия
Рет қаралды 80 М.
2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү зарыл
5:16
Пресс-служба Министерства экономики КР
Рет қаралды 2,1 М.
Tutorial | LLMs in 5 Formulas (360°)
2:40:31
Harvard Data Science Initiative
Рет қаралды 255 М.
Эффект Карбонаро и нестандартная коробка
01:00
История одного вокалиста
Рет қаралды 9 МЛН