Жылына бирден үй алсаңар болот | Бакыт Абдишев | BigTalk Podcast

  Рет қаралды 20,137

Elaman Asylbekov

Elaman Asylbekov

6 ай бұрын

BigTalk бул жаңы проект подкаст түрүндө, АКШдагы ар түрдү бизнес, жеке ишкерчилик жана жеке бренд аймактардагы Кыргызстандык мекендештер менен маек!
Бул жолку чыгарылышта, биздин конокто Бакыт Абдишев (@bakytabdishev) риелстейт инвестор, IT инженер, Digital Nomad. Бакыт өзу Гаваии аралында үйбүлөсү менен жашайт, өзүнүн Full Time жумушунан тышкары өзүнүн үйлөрүн AirBnB аркылуу ижарага берип бизнес кылат. Кыргызстандагы “Чөйрө” атту соц. проектинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Өзгөчө лайфстайлы бар үйбүлөнүн атасы!
Подкастагы талкууланган темалар;
- Кыргыз тил масалеси,
- Кыргыз өзүн кантип чет өлкөдө идентификациясын жоготпо жолдору,
- АКШда 5 жылда 5 үйдү алуу мүмкүндүгү,
- Бала тарбиялоо жолдору жана жеке кеңештер,
- “Кыргызча сүйлөчү” дегендерге жооп,
- Финансылык сабаттуулука жетүү жолдору
Мен ишенем, өттө кызыктуу подкаст болду! Баса айта кетчү нерсе, мен үчүн өгөчө подкаст болду, Кыргыз тилинде биринчи жолу алып барышым, кебир жерлерде орусча да сүйлөдүм, ошол үчүн катту сындабасаңар кубанат элем.
Конкурс!
Приз 3 дня проживания на Гавайях🎁🎁🎁 плюс Аренда машины на 3 дня и Крутая кепка от Goldman Sachs😅
- Оставить комментарии под видео на KZfaq: выделить минимум 2 момента что вам понравилось или что вы полезного узнали и 1 момент что не понравилось или ваши рекомендации!
- Подписаться на @elamanasylbekov43 @bakytabdishev
- Поделится у себя в сториз
- Отметить 3х друзей под этим риилсом!
- Подписка на YT канал ElamanAsylbekov
Чоң рахмат, сиз менен BigTalk Podcast!

Пікірлер: 153
@bekturfilms
@bekturfilms 6 ай бұрын
Кыргызча подкаст, Кыргызча ырлар, Кыргызча кинолор болсо КЫРГЫЗ ТИЛИН САКТАЙБЫЗ ТУУГАНДАР. Рахмат Эламан, досум, ишине ийгилик!
@Melis_Myrza
@Melis_Myrza 6 ай бұрын
Менде бир окуя болгон! Түндүк Кипрга иштегени барып калдык. Ал тарабы Түрктөргө карайт. Биз менен бир дунган бала барган. Ал орусча, англисче эркин сүйлөчү. Кыргызча сүйлөйсүңбү деп сурасак, жок деп жооп берди. Макул, башка улут болсо деп койдук. Анан түрктөр менен аралашып иштеп калдык. Түрктөр бир гана түркчө сүйлөчү, отельде туристтер менен иштегенине карабай. Анан жанагы дунган жигит англисче же орусча сүйлөсө деле түрктөр түркчө сүйлөп туруп алышты. Биз менен орусча сүйлөшөт. Жанагы жигит ошентип журуп 1 айда түркчөнү үйрөнүп кетти. Ичимден өзүмчө башкача болдум. Биз, кыргыздар Кыргызстанда жашаган башка улуттугыларды сыйлап, кыргызча сүйлөбөсө макул деп келебиз. Бирок жок дегенде экинчи тил катары алар кыргыз тилин билүү керек да. Мисалы кайсыл өлкөдө кыргыз тили корголуп, өнүктүрө турган иштер жүрүп келет. Эч бир мамлекетте андай жок, анткени ал бизден башка эч кимге керек эмес.
@bermetbaral9771
@bermetbaral9771 2 ай бұрын
Туура айтасыз, биз башка улуттарды сыйлап орусча сүйлөсөк алар бизди сыйлап кыргыз тилин үйрөнөлү дешпейт... ушул эле коңшу өлкө Өзбекстанда тескерисинче бардык улут өзбекче сүйлөйт, сүйлөөгө мажбур... Тилибиз үчүн жаның күйөт албетте...
@aselkoko5203
@aselkoko5203 2 ай бұрын
Африкалыктар ,немецтер ,арабтар туркчо суйлоп журушот ,мен да таан калгам Станбулда байер болуп журуп
@aselnazarova2592
@aselnazarova2592 16 күн бұрын
Туура. Ошо тил идеологиядан орус политикалар кирищип 100 жылдан бери тоскол болуп, кырг.тил өнүкпөй калган
@chymbaemilev255
@chymbaemilev255 6 ай бұрын
1. Мага подкаст аябай жакты. Эн туура ойлордун бири бул «азыр озуно жардам бер, анан убагында башкаларга жардам бересин» 2. Англисче, орусча жана эн маанилуу кыргызча субтитр болсо сонун болмок ютубта
@bujumaji4138
@bujumaji4138 6 ай бұрын
Эң сонун подкаст болуптур, акыркы убакта унаада отуруп баратып ыр укпай ушундай подкаст укчу болдум 😊 кыргыз тилин дагы өркүндөтүп жатканынарга таазим! Азаматсынар
@gulnuruablazova532
@gulnuruablazova532 6 ай бұрын
Дээрлик баары жакты: - кредит скор -бекграунд чек -китептердин тизмеси -income rich,cash poor -кыргыз шаарча идея -кыргызча тарбия -жазуу турундо пландоо -минимализм жашоо -rent to buy -airbnb -улуттук кийимдери -риэл эстейтке инвестиция Рекомендация: «силер» эмес сиз деп эле кайрылса интервьюер 🙌
@user-ou9xo9ip6m
@user-ou9xo9ip6m 6 ай бұрын
«Адамга эн кыйыны-кун сайын адам болуу»-дегендей, азыркы мезгилде чынында 😕 коп кыргыз эли, эртенки кунум, кийинки жаш- муунум кандай болот деп ойлобой кунумдук омурун суруп келишет😔.Сиздин улгулуу уй-булонузду коруп алып суктанам жана сыймыктанам, 😊себеби биздин кыргыз уул, кыздарыбыз чет жакта дуйнону багындырып жургонуно!❤ Аракет кылса болот экен да! Мага бул подкаст аябай жакты, таасирдуу болуптур жана соссуз кенешинизди колдонуп жургонго аракет кылам! Чоон Рахмат!❤❤❤ (грамматика жактан ката кетсе кечирим сурайм)
@user-qz4zw1tx5m
@user-qz4zw1tx5m 2 ай бұрын
Мен колдойм Бакыт кудайга аманатсын Рахмат сага Кыргызстан дын данкын чыгарган Оз тилинди унутпа Казактар тилин бербейтко орусчага басым жазабайт.
@user-we9lo8zc8t
@user-we9lo8zc8t 2 ай бұрын
Бул жигит аялы экөөсү тең сонун проектилерди жасап келишет ийгилик болсун ден соолукта болушсун,
@baktybekovjjj
@baktybekovjjj 6 ай бұрын
Эн маанилуусу кыргызча маек болду бул эн жакшы нерсе, корсо чет жакта жургон адам оз тилин сылай билет экен. Бакыт Байкенин видеолорун коргон сайын мотивация алса болот 👍
@baktybekovjjj
@baktybekovjjj 6 ай бұрын
«Биринчи озунду онуктуруу керек « Мага жаккан учур✊
@aizirekmatazimova7324
@aizirekmatazimova7324 6 ай бұрын
Ото маанилуу маек , чон чон салым кошот дагы Бакыт Абдишов агабыз озгочо идеялары менен. Балдары Кыргызча кийимди элге таанытып, эне тилибизде суйлогону озунчо сыймык.
@aisuluualybaeva148
@aisuluualybaeva148 6 ай бұрын
Абадан кызыктуу подкаст болуптур. Озгочо «биринчи озуно жардам бер, анан башкаларга жардам бересин деген» ой жакты. Экинчиден азыркы убакытта билимге кылып жаткан инвестициямды - убакытымды туура жумшап жатканыма дагы бир мотивация болду. Никаких рекомендаций нет, всё круто, ждём следующие выпуски.
@jaaaaaaj301
@jaaaaaaj301 6 ай бұрын
Кандай кучтуу кыргыз жарандары бактылуу болгула. Балдардын жакшылыктарын коргуло. Жардам берип журот экенсинер жолунар шыдыр болсун. Ыймандуу кичине пейил адамдар экен коз тийбесин
@almazkgusa
@almazkgusa 6 ай бұрын
*Элеман жана Бакыт инилериме чон рахмат. Буйурса биз дагы барып Америка жашоосу боюнча сонун интервью берип кобурашалы буйурса. Алмаз байкенерден чон салам🇰🇬🇰🇬🇰🇬🔥🔥🖐🖐👍👍*
@ElamanAsylbekov
@ElamanAsylbekov 6 ай бұрын
Чоң рахмат Алмаз байке, кубандырасыз го бир комментарий менен! Байке сизди сөзсүз күтөбуз! Сиз менен кобурлашчу өттө көп сөздөр бар😎🤲🏻
@user-pg1pd2zd6f
@user-pg1pd2zd6f 2 ай бұрын
Азаматсынар. Озум Кыргызстанда болсомда, Америкага барып иштечудой эле акырына чейин угуп кубандым. Биримдиктуу, куйумдуу, ынтымактуу болсок онугобуз.
@user-ei8hy2gm8x
@user-ei8hy2gm8x 6 ай бұрын
Эламан байке кыргызча аябай так сүйлөйт экенсиз чын, орус мектепте окусаңыз дагы. Кыргызча подкаст кылып алып барсаңыз абдан жакшы болот эле меккендештерге. Буйруса дагы кыргызча подкасттарды күтөбүз👍
@user-lc8ur4gj3t
@user-lc8ur4gj3t 4 ай бұрын
Бул подкаст абдан маанилуу болду сиздерге чон рахмат.Бакыт мырза абдан тын жигит экен,ылайым эле Чикагонун мэри же конгресске депутат болууну буюрсун.Жаштар учун мотивация берген сонун беруу болду.
@nargizatoktorova2409
@nargizatoktorova2409 6 ай бұрын
Кыргызча болгону соонун болуптур 🔥🔥🔥 1) Чон максат койууга туртку болдунар. 2) Озуно биринчи жардам бер 3) Идентификация- озунду тааны жана балдарына тааныт. Кемчилик 1 саат аз экен. 2 болук кутом.
@moment.of.happiness
@moment.of.happiness 2 ай бұрын
Чындыгында эң сонун подкаст болдуго дейм
@user-vh8so7tm4q
@user-vh8so7tm4q 4 ай бұрын
Карасаң кара тору жөнөкөй жигит экен бирок ,эмне деген ийгиликтерди багынтып келе жатат . Азаматсыз сиздей мыкты жигиттер көп болсун кыргызымда 👍🔥🔥🔥
@zyinatsoronbaeva500
@zyinatsoronbaeva500 6 ай бұрын
Эң сонун👍 Бакыт байкеден патриоттуулуктун жогорку деңгээли байкалат,чынында Кыргызстанда туруп кыргызча сүйлөбөй жүргөндөр көрүп үлгү алсак БОЛОТ, Америкада кыргыз тилдүү команда түзүп,кыргыз тилин унутпай,тилибизди абройун көтөрүп жүрүшөт мекендештерибиз,ыраазычылык! Жана Бакыт мырзанын үй-бүлөсүн үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарынан деп билем.Балдары да Америкада төрөлгөнүнө карабай кыргыз тилинде так сүйлөшөт экен,абдан сонун👍
@user-cu5it6ro7m
@user-cu5it6ro7m 6 ай бұрын
Ото соонун фундамент 💯 Озгорулуп, ойлорунузду озгортуп, баарыныздар ийгиликтуу болуп кетиниздер🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@ruslankatiev7691
@ruslankatiev7691 Ай бұрын
Азаматсыңар Кыргыздын алдыңкы жигиттери!
@user-ld6ex8el9o
@user-ld6ex8el9o 5 ай бұрын
Бакыт жаштарга эн жакшы мотивация берип жатасын. Ошондой эле ой жугуртуун, билимин, интеллекттин эн жогорку денгеелде экенине мен сыймыктанам. Ден-соолугун чын,омурун узун, бактылуу бол
@user-qm3qh6fc4e
@user-qm3qh6fc4e 6 ай бұрын
Кыргызча подкастты колдойбуз!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
@user-iu2xz2ub2t
@user-iu2xz2ub2t 6 ай бұрын
Азаматсынар аябай жакшы маек болуптур айрыкча Америкада жашап жаткан биздин балдарга боордошторго сабак болсун.Ден соолукта болгула тынч болгула кайда болсонор да тынч болуп журогунор кыргызча сого берсин
@zharkinaiabdulakimova8085
@zharkinaiabdulakimova8085 3 ай бұрын
Бакыт менен Айдананы коруп мен дагы кызым менен баламды IDдиге окутум менин дагы балдарым ушулардай билимдуу болушсун булар ото соонун семя жонокой адамгерчиликтуу коз тийбесин бактылуу болгула Амин❤🤲🤲
@Gularuun22
@Gularuun22 6 ай бұрын
Аябай сонун подкаст болуптур❤ мага аябай жакты. Кыргыз тили Америкада да жашайт экенин кобунун ичинен азынан байкап аябай сыймыктанып жатам. Канча бири кыргыз тилди колдонбосо, кайсы бири эне тилди колдонуп чыныгы патриот болушууда. Бул аябай сонун!!! 😊 Бакыт байкенин соц.тармактагы баракчаларынын алыпбарганын коруп, кунуго мотивация, энергия алам! Ото акылдуу адам! Ийгилик каалайм! Мен да жакынкы арада Америкага кетем деген ниеттерим бар. Мага да буйрусун. Америкада баарынан бирден совет аламго деген ойдомун 😊
@user-hk2mg2xu5e
@user-hk2mg2xu5e 6 ай бұрын
Биринчи жолу кыргызча подкаст уктум!👍👍👍 эн сонун!!! Биринчи озуно жардам бер, инвестиция билимге болуш керек, балдарга кыргыз тилин уйротуу, Мен учун аябай чон мотивация болду! Конкурсту уткум келет🙏🙏🙏
@Janbolotova08.02
@Janbolotova08.02 6 ай бұрын
Азаматсыңар, ишиңерди ар дайым ийгиликтер коштосун, Кудай колдосун!🤲🏼🤲🏼🤲🏼😘😘👍🏼👍🏼👍🏼👏🏼👏🏼👏🏼😎😎😎
@Syrgaev_D
@Syrgaev_D 22 күн бұрын
Эне тилим эне сүтүм!🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-nq3fu4ol4x
@user-nq3fu4ol4x 6 ай бұрын
Эн сонун маек болуптур!Менин уулум Россияда торолгон, жашайбыз. Бирок кыргызча суйлойт, орустар менен орусча суйлошот, кытайлар менен кытайча сулошот. Жашы 2 де. Эми Англис тилин уйронобуз буюрса! Балага кичинесинен уйротсонор бат кабыл алат экен. Эн чон инвестиция биринчи балдарды окутуш керек. Ча-ча па-пача деп сулошпой, чон кишидей эле мамиле кылгыла.
@user-nw4ju3cg8j
@user-nw4ju3cg8j 2 ай бұрын
Бакыт , Азаматсын ! Ийгилик ишине!! Аман бол ! Сени менен сыймыктанабыз Зина эже .
@elizakeldibekova6290
@elizakeldibekova6290 6 ай бұрын
Рахмаат😊 жакшы улгулуу уй було коз тийбесин . Аябай информативно даже больше . Чоон рахмаат
@zhanarazh4239
@zhanarazh4239 6 ай бұрын
Чырак учун Рахмат! Аягына чейин окуп алган жокмун, бирок мага жаны дуйно ачылды!
@anyk7
@anyk7 6 ай бұрын
Эламан Бакыт айабай жакшы подкаст болуптур 🙏🏼 кызыктуу ..🙏🏼 маанилуу....🙏🏼 Бизге аба менен суудай керек 👍🏼 Орусча болобу кыргызча болобу айырмасы жок , негизи подкаст прям супер🔥 Кыргызча суйлобойбу дегендер., 🤔 муну кыргызча айтып берсен деле тушунбойт .. 😠Просто ичи негативке толуп калган....😮 Ушуну окуп кээ бирлер ойлонуп онолоор деген умутомун .. 🤔 Адамды сынабай озунду сына... 🤔Спасибо Эламан за подкаст 👍🏼💐
@az1mzhanov
@az1mzhanov 2 ай бұрын
Туура айтасынар 👍🏻 кошуламын ❤ Кыргызча суйлош керек
@user-ft4sh1rz5k
@user-ft4sh1rz5k 6 ай бұрын
Бакыт байке аябай кичи пейил мыкты инсан 👍
@user-ny2hs9nc7c
@user-ny2hs9nc7c Ай бұрын
Эн сонун, аябай акылдуу билимдуу жигит экенсин
@user-uu2yk9cu5z
@user-uu2yk9cu5z 5 ай бұрын
Эн жонокой билимдуу бай кыргыз жигити.Азаматсын тилегин орундала берсин
@user-lc8ur4gj3t
@user-lc8ur4gj3t 4 ай бұрын
Элеман мырзага дагы ден соолук иштерине ийгилик каалайм.Ийгиликке жетишкен уул,кыздан маек алып,жаштар учун мотивация беруучу маек алып жарыялаганын учун абдан чон ыраазычылык билдирем.❤❤❤
@NomadBaike
@NomadBaike 5 ай бұрын
Хочу такой ЧАПАН❤❤❤❤❤
@tanyakg1
@tanyakg1 6 ай бұрын
Очень информативный подкаст👍🏻
@user-rp7qc1ij6i
@user-rp7qc1ij6i 4 ай бұрын
Ассалам алейкум Эламан Бакыт аябай жакшы маек болуптур 👍👍👍👍👍👍👍👏👏👏👏👏👏 өзүбүздү өстүрүп өнүгүү керек экен.
@user-kg4sc7my6r
@user-kg4sc7my6r 6 ай бұрын
Подкаст аябай соонун жогорку деңгээлде өтүптүр 🔥🔥🔥🔥
@taiyrishe
@taiyrishe 6 ай бұрын
Эң сонун болуптур 👍 Өркүндөй бериңиздер 🤝 Кийинки подкаст да Эдил Касенов байкени күтөбүз
@user-gs8iv4lg6l
@user-gs8iv4lg6l 6 ай бұрын
Ото сонун подкаст, кандай гана чоон мотивация. Ушундай подкастар болуп турса жакшы болмок
@Ayla099
@Ayla099 5 ай бұрын
Эн соонун маек, Бакыт мырза ар дайым эн жогорку денгээлде. Ак жол, НУКУРА КЫРГЫЗ инсан.
@bujumaji4138
@bujumaji4138 6 ай бұрын
Эламан байке сизге чоң сый, сиз биз деп сүйлөгөнүнуз бул сыйдын өтө бийик деңгээл
@user-nw4ju3cg8j
@user-nw4ju3cg8j 2 ай бұрын
Бакыттын кызы менен уулу дагы кыргызча сонун билет. Ушул боюнча келинчегинин да ролу чон. Баары эненин тарбиясына байланыштуу болот эмеспи. Аман болгула. Зина эжею
@user-hw3kb7gf3v
@user-hw3kb7gf3v 2 ай бұрын
Бакыт,маанилуу маек болду,азаматсынар
@Nura07291
@Nura07291 6 ай бұрын
Бакыт байке Айдана эже экоо себепкер болуп IT тармагына кызыгып баштадым. Буйруса окуйм деп ниет кылып жатам🙏
@user-jk2ft5ju3t
@user-jk2ft5ju3t 6 ай бұрын
Очень хорошие темы затрагиваются 👍, «сперва помочь себе потом другим» полностью согласен с этой идеей, действительно трудно воспитывать детей в сша мне понравилась какими подходами воспитывает Бакыт байке, классный подкаст ❤ ждем еще много интересных гостей и выпусков 👋
@user-pc3cr9rv2n
@user-pc3cr9rv2n 6 ай бұрын
Ото сонун эфир 🚀🚀🚀🚀 кыргыз жузу Бакыт байке Коп коп болсокен подкасттар айти тууралуу да чыкса
@saikaliskakova1389
@saikaliskakova1389 6 ай бұрын
Керемет... Бар болгула
@user-vt4yj7rz6w
@user-vt4yj7rz6w 6 ай бұрын
Колдойбуз🎉
@user-db7lx1td7m
@user-db7lx1td7m 6 ай бұрын
Азаматсынар , ишинерге ийгилик 👍👍👍
@Nura07291
@Nura07291 6 ай бұрын
Подкаст эң соонун болгон👍
@kanyshaiosmonova2008
@kanyshaiosmonova2008 5 ай бұрын
Чынында абдан пайдалуу подкаст болуптур, Алла раазы болсун сиздерден
@legosam8443
@legosam8443 6 ай бұрын
Таймплас керек экен !
@Two_and_one
@Two_and_one 6 ай бұрын
сонун подкаст болуптур, ушундай эр азамат байкелерим баарына Кудайга шугур
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 4 ай бұрын
Бакыт сизге ыраазычылык билдирем, коп жылдан бери сыртта журсонуз дагы, кыргыз тилинде так, даана суйлогонунуз абдан жакты.
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 4 ай бұрын
Эн сонун подкаст болуптур. Азаматсыздар!
@marita-aiym
@marita-aiym 6 ай бұрын
Сонун!
@user-pe4eh1ps2m
@user-pe4eh1ps2m 6 ай бұрын
Улутубуз сакталсын,болсун десек тилди онуктуруш керек го,,,тилибиз менен Улут болуп айырмаланабыз,
@baktygulsultankulova8897
@baktygulsultankulova8897 6 ай бұрын
Азамат Бакыт ,Сыймыктанабыз🔥🔥🔥🔥
@user-kf2bs1io4v
@user-kf2bs1io4v 5 ай бұрын
Ото жакшы подкаст экен өнүккөнү
@user-uy7ke7ek1y
@user-uy7ke7ek1y 6 ай бұрын
Сонун, коз тийбесин, бар болгула Кыргызым❤❤❤, 2-3 саат болсо жакшы болмок подкаст
@user-dj6xp7wf8x
@user-dj6xp7wf8x Ай бұрын
Ишиниздерге ийгилик акам!✊️
@micofom6078
@micofom6078 6 ай бұрын
Super 👍
@user-wg5id6vn4e
@user-wg5id6vn4e 2 ай бұрын
Ушундай соннун маалыматтарды кыргыз тилинде так даана айтвп бергениңизге сизге пчбай ыраазы болдум. Дал мага керек болуп аткан маалымматтар бар экен👍👍😘
@bermetsattarova3644
@bermetsattarova3644 6 ай бұрын
Аябай сонун подкас Бакыт байке ийгилик ишинизге бирда кызганбай жолдорун айтып эмне кылыш керек анан озумо эле болсунсун дебей кайра элибизгеда болсун деп баарын айтып бергенинизге рахмат
@ernestzharkynbaev4127
@ernestzharkynbaev4127 6 ай бұрын
Абдан сонун , азаматсынар 👍🏻👍🏻👍🏻
@meiirzhantoktarbayev
@meiirzhantoktarbayev 6 ай бұрын
Бақыт байкеге әрдайым respect 👍
@user-xv6mx2sb6s
@user-xv6mx2sb6s 5 ай бұрын
Аябай жакшы маек болуптур.Ал бир жаштарга жакшы мативация болуптур ушундай маектер коп коп болсун жонокой соз менен тушундуруп бердинер ишинер ийгилик болсун билиминерди жаштарга берип тургула угуп силерге аябай ыраазы болдум.Кыргыз элимдин ынтымагы жана тарбиясы аябай жакшы.Ооба мурун биз балдарыбызды орусча окутканбыз борбордон кызматка орношуп жатканда биринчи эле орус тилин билесинби деген суроо болчу,эми буюрса кыргыз тили кучуно кирип жатканы жакшы болду эми англиский тилине маани бериле баштады жакшы.Мен Кыргызстандан коруп жатам аябай кунт коюп уктум.Ден соолук ишинер ийгиликте болсун.
@gulzinaparpybaeva3780
@gulzinaparpybaeva3780 3 ай бұрын
Бакыт байке аяабай сонун маек болуптур,нукура кыргызча суйлогонунуз урматка татыктуу🎉.Бизде элдер интеллект аяабай алсыз ,сиздей жаштар кооп болсо Буйруса Кыргызстан оркундоп оскон мамлекет болушуна ишенем
@user-js3xx2qz3e
@user-js3xx2qz3e 6 ай бұрын
Сонун,Россияда ден соолугун кетирип иштеп жургон кыргыз жаштарыбызга эн жакшы мотивация,ар бир кыргыз билимдуу болсо экен,балдарынын кыйналып тапканын тойлорго чачып ысырап кылган ата энелерге да кенеш айта кетпепсинда Бакыт ысырапкорчулук жонундо да тойлордогу😢
@user-dg8rw8wx7d
@user-dg8rw8wx7d 6 ай бұрын
Жакшы кенештер болуптур сонун айрыкча жаштарга.👍
@aichurokbazarbaeva-is5dy
@aichurokbazarbaeva-is5dy 4 ай бұрын
Эн сонун маек болуптур
@user-kv1nb2bn8b
@user-kv1nb2bn8b 3 ай бұрын
Азаматсынар💥💥💥
@torutoru4279
@torutoru4279 3 ай бұрын
Сонун
@jaryk876
@jaryk876 6 ай бұрын
Өтө соонун маек болуптур.Бакыт байке көбүрөөк ютубка чыгып, өзүңүздүн кеңештериңиз менен бөлүшүп турсаңыз 👍.
@user-jl4ei9xt6m
@user-jl4ei9xt6m 5 ай бұрын
Эң соонун майек болуптур👍👍👍. 1) “Биринчи өзүңө жардам бер” 2) Кайсы өлкөдө болсоң да балдарды кыргыз кылып тарбиялоо 3,4,5,6……. Эң соонун кеңештер🔥🔥🔥🔥 Сунуш: Кыргызстаныбызга көбүрөөк инвестиция кылсак, тажрыйбаларыбызды уйрөтсөк
@user-gb1rp6dw2u
@user-gb1rp6dw2u 6 ай бұрын
Кыргыз тилин сактайлы❤
@akylaiasamidinova8755
@akylaiasamidinova8755 6 ай бұрын
Сонун подкаст учун рахмат! Бакыт байкени абдан сыйлайм! Ар тараптуу онуккон, мыкты инсан! Улгулуу уй- булосуздор, келинчеги Айдана эжеге суктанам❤
@user-xn8oi7qq5p
@user-xn8oi7qq5p 6 ай бұрын
Эн мыкты подкасттардын бири болуптур! 👏 Озгочо риел эстейт инвестиция жонундо мыкты маалымат болуптур бизге. Озгочо мотивация берет экен . Сиздердей болуп Молокаи аралынан уй алуу бизге дагы насип этсин !🙏🏻
@user-lz6jc1mh8v
@user-lz6jc1mh8v 5 ай бұрын
Саламатсыздарбы !!! Ээээн соонун , сиздерге чоон рахмат, абдан пайдалуу ойлорду, сабактарды алдым. Омурунор узун болсун, ар бир кунунор бактылуу болсун. Ишинер онуп осо берсин. 💐💐💐🙏🙏🙏🤲🤲🤲
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 4 ай бұрын
Уй булоонуз менен аман болунуз!
@nurb2006
@nurb2006 6 ай бұрын
Биринчиси Кыргызча подкаст жана аирбнб академиясы Экинчиси акча менеджменти Жакшы болуптур
@user-kd8df7lm3m
@user-kd8df7lm3m 6 ай бұрын
😍 Бакыт байке Айдана эже бактылуу болунуздар!
@user-rm9qm8mf9s
@user-rm9qm8mf9s 4 ай бұрын
Мынакей АЗ маз эле бащты ищтетиш керек.ВОЗМОЖНОСТИ БАР !!ЖАШТАР ОКУУУУУУУУУУУУ!!!!!!!!АРАКЕТ КЫЛГЫЛА !!УБАКЫТЬЫ ОТКОРБОГУЛОООО!!!!!!!❤❤❤❤
@user-pw2zn5bw4c
@user-pw2zn5bw4c 4 ай бұрын
Азаматсынар! Анча мынча институттун мугалимдеринен ан-сезими кучтуу балдар экен
@Djimi-2000-
@Djimi-2000- 5 ай бұрын
Самый лучший подкаст которой я смотрела🫶🏻🫶🏻👍👍👍Сооонун ❤️‍🩹
@gylbarchynismailova2822
@gylbarchynismailova2822 4 ай бұрын
Бакыт 🎉🎉🎉🎉
@jazgulorozalieva1580
@jazgulorozalieva1580 6 ай бұрын
Azamatsynar sonun podcast boluptur👏🇰🇬
@adylbek1972
@adylbek1972 6 ай бұрын
Ассалам аллейкум
@user-ip4mf6pn7r
@user-ip4mf6pn7r 6 ай бұрын
Тайм коддорду дагы кутобуз.
@meiirzhantoktarbayev
@meiirzhantoktarbayev 6 ай бұрын
1. Нравится то что он в чужой стране воспитывает детей по киргизский 2. Стоит отказаться от некоторых вещей чтобы добиться чего-то большего(купить дом в Америке, это надо очень постараться) 3. Согласен на счёт того что надо в первую очередь помочь себе, потом родителям. Надо в первую очередь инвестировать в знание. Не понравилось то что мало просмотров данного выпуска=)
@user-cb8wr5up3h
@user-cb8wr5up3h 6 ай бұрын
А мне кажется легче простого купить дом в Америке чем в Бишкеке, здесь ты работаешь каждый день и копишь не тратишь на тойи и ширине и каждую неделю не покупаешь платья за 10-15 т Сомов когда у тебя зарплата 12-15т сом.
@Rukiuribusi
@Rukiuribusi 6 ай бұрын
Жалпысынан бул подкасттын мага жаккан жери Эламан чыныгы шыктандыруучу, ийгиликтүү, эмгекчил адамдарды алып келип, коноктору менен талыкпаган эмгекке жетүү мүмкүн экенин көрсөтөт. Мага подкасттын кыргыз тилинде болгону, ал эми Бакыт Абдишев өзүнүн этникалык маанидеги идеологиялык позициясын бергени жакты (тилди жана динди сактоо боюнча жакшы тушундуруп берди). Бир сунуш - подкасттар узун жана убакыт белгилери (time stamps) абдан пайдалуу болот.
@akbalta
@akbalta 6 ай бұрын
🔥🔥🔥🔥
@user-vt4yj7rz6w
@user-vt4yj7rz6w 6 ай бұрын
Гаваиге кантип утуп алса болот❤😊
@Nasip_nail
@Nasip_nail 4 ай бұрын
Кыргыз тилине басым жасап өнүктүрүү жолунда экенине аябай кубандым, буюрса орус тилинен жалпылай алыстап кыргыз жана англис тилине басым жасайбыз
Сайпидин Туташов: “Американын акчасын Кыргызстандан тапса болот”
1:10:49
He Threw A Banana Peel At A Child🍌🙈😿
00:27
Giggle Jiggle
Рет қаралды 17 МЛН
Stupid man 👨😂
00:20
Nadir Show
Рет қаралды 29 МЛН
Не пей газировку у мамы в машине
00:28
Даша Боровик
Рет қаралды 10 МЛН
Тяжелые будни жены
00:46
К-Media
Рет қаралды 4,3 МЛН
🔴💞Бір болайық! ТІКЕЛЕЙ ЭФИР! 7 МАУСЫМ 244 БӨЛІМ! 23.05.24
Бір болайық / Бир Болайык / Bir Bolayiq
Рет қаралды 37 М.
He Threw A Banana Peel At A Child🍌🙈😿
00:27
Giggle Jiggle
Рет қаралды 17 МЛН