Зайырбек Ажыматов ДОСКО КАТ

  Рет қаралды 44,976

Түмөнбай КОЛДОШОВ

Түмөнбай КОЛДОШОВ

2 жыл бұрын

Салам дос, мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Жоготтук аруу кезди, балалыкты,
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу жандап алып…
Эх досум, кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр ырдап, анан досчо көрүшкөнгө…
Эх досум, өмүр деген аргымакпы,
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту сактай албай.
Эх досум, а мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды аякпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жалгызсырайм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А бирок, коркпо досум, тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай болбой калдым...
Салам дос, мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…

Пікірлер: 72
@zuurakarmyshakova3391
@zuurakarmyshakova3391 13 күн бұрын
Кайран кана таланттар Аллах ыраазы болсун
@ruodhi3602
@ruodhi3602 15 күн бұрын
Атаганат десенчи , кайран жигиттер, кыргызымдын каймак кулундары!!!
@zuurakarmyshakova3391
@zuurakarmyshakova3391 13 күн бұрын
Журок ыйлайт журок сыздайт 😭Талант олбойт очпойт 😭😭🤲🤲🤲Айла жок Бейиши болушсун 🤲
@user-pb1ik2eb5d
@user-pb1ik2eb5d Ай бұрын
Биро олду, биро жазды, учунчусу окуду. Учоо тен Аларча корустондо жатышат кайран жигиттер.
@user-fz7uj2hc7q
@user-fz7uj2hc7q Ай бұрын
Кайрангана чыгаан талантууу жигитерибиз бейишинер болсун
@user-hy6hu5lf7o
@user-hy6hu5lf7o Жыл бұрын
Зайырбек акын Элмирбек досуна жазган экен анан Азиз байке окуган. Азр учоонун тен козу отуп кетти жаткан жерлери жайлууу болсун
@otvertkapincet
@otvertkapincet 10 ай бұрын
Ээхх жашоо ушундай экенда бизда кетебиз убакыт гелсе,,,
@user-go7pb8tw7z
@user-go7pb8tw7z 8 ай бұрын
Сөз жок 😢
@zamirbeksadyrbaev3632
@zamirbeksadyrbaev3632 6 ай бұрын
Ырда Калмурат деген досун да эскерет жоготконбуз деп, ал жигиттин да көзү өткөн.
@user-ti2we1mg1n
@user-ti2we1mg1n Ай бұрын
Элмирбек тирүү кезинде эле жазылган ыр
@nurelkudaiberdiev4101
@nurelkudaiberdiev4101 Жыл бұрын
Жаткан жери гүл бакча болсун
@user-dr1gu4pk5h
@user-dr1gu4pk5h 25 күн бұрын
Аттин кыраан жигиттер кылган иш жакшылыгын калат турбайбы эх 😢
@mirgulzhunusalieva1349
@mirgulzhunusalieva1349 2 жыл бұрын
Азиз актёрдун омуруно АЛЛА береке берсин , чын ден соолукта узак жашасын,кучтуу актёр.....
@user-ub4hr8vk5u
@user-ub4hr8vk5u 2 жыл бұрын
Жаткан жерлер жайлуу болсун !Аллахым бейиштен орун берсин!
@user-cz6pu2cz7n
@user-cz6pu2cz7n 22 күн бұрын
Кайран кыргыздын чыраан жигиттерди кайрылып келбейт.
@user-cv7wr5ke8o
@user-cv7wr5ke8o Жыл бұрын
Кайра-кайра угам ушул ырды.Аллахым авторго да коркомдоп айткан Азизге да бейишинен берсин.
@OrozgulTurdueva
@OrozgulTurdueva Ай бұрын
Кайран гана улуу талантуу адамдар жаткан жери жайлуу жараткан аллахым бейишинен берсин
@user-gn8sn6mc6y
@user-gn8sn6mc6y 8 ай бұрын
Жан дүйнөсү менен сүңгүп кирип , кандай сонун окуган, Заирбек акындын ырын. Бул уулубуз да кете берди жаш бойдон, агаларынын артынан. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун 🙏😢
@mebel_ordo
@mebel_ordo 2 жыл бұрын
Жакшы окуптур Азиз байке
@mahabatmahabatovna489
@mahabatmahabatovna489 Жыл бұрын
Аттаганат, кандай сонун корком окуу, кандай сонун конур ун! кандай сонун таза журок!Аллахым бейишинен орун берсин!
@user-ml2qt8qh6m
@user-ml2qt8qh6m Ай бұрын
Азиз да досторунун артынан кеттиго. Кайрандар . Ыймандары Саламат болсун
@user-lb8pp3zj5m
@user-lb8pp3zj5m Жыл бұрын
Азизден да айрылдык, жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун
@user-hl3dj8yk9n
@user-hl3dj8yk9n 2 жыл бұрын
Кайран талант, жазган ырлары керемет, жөпжөнөкөй сөздөр менен жеткире жазылган, дил азыгы десең болчудай 👍🌷
@rasuluzenbaev5579
@rasuluzenbaev5579 2 жыл бұрын
Барында бапыратып мактай албай калдык биз ошол досту барктай албай
@user-he2nn1zk4j
@user-he2nn1zk4j Жыл бұрын
Эээх акыры кеттин досуна
@rasuluzenbaev5579
@rasuluzenbaev5579 2 жыл бұрын
Мен да досумду жоготтум откон жылы баткен окуясында ээх журок ыйлагандан башка соз жок
@user-yq6sw9gr8v
@user-yq6sw9gr8v Жыл бұрын
Мендагы жоготконума 1 Айдан отту бирок аябай жакын досум болчу 😔
@raiisamomunova3400
@raiisamomunova3400 Ай бұрын
Кыргыздын чыган таланттары,силер дайым кыргыщ элинин жүрөгүндөсүңөр,жаткан жериңер жайлуу болсун!
@nurjanmusa6770
@nurjanmusa6770 Жыл бұрын
Жаткан жерин жайлу болсун Аллахым бейиштен берсин
@user-kw8gc3gc8j
@user-kw8gc3gc8j 2 жыл бұрын
Чынын актёр ушундай болотта. Образга кирип сонун аткарып сыз. Ишинизге ийгилик.!
@user-nw2df2cj8h
@user-nw2df2cj8h 11 ай бұрын
Ортого мезгил дубал орнотулга,,,,😔конул чоккондо дайым угам ойдонуп бир аз алаксыйм,чынында баа берем бул ыр саптарга .
@SCP_045
@SCP_045 Жыл бұрын
Азиз аке жайыныз жаннаттан болсун
@Kyrgyzstan312.
@Kyrgyzstan312. 6 ай бұрын
Чубак Ажы,Зайрбек, Эльмирбек, Азис акелерибиз журогтору таза адамдар эле!!! Журогу таза адамдар азыркы жашоону коруп журоктору оооруп которалбай, журоктору оорушту азыркы заманыбызга!!! Бул адамдар сезимтал, корогоч, ото назик адамдар! Атин ай заманыьыз кайда баратат! Ата бабабыздын салт саналарын унутсак анда биз туп тамыры менен жок болобуз
@zulaikajoldosheva6570
@zulaikajoldosheva6570 2 жыл бұрын
Эн сонун 👍👍👍.Досторду эске салды,бул саптар.Рахмаат чоон.
@user-hm4pw5ct2m
@user-hm4pw5ct2m Жыл бұрын
Барсам деген ойдо турам...деп кете берди КЫРГЫЗДЫН мыкты актёру 😭😭😭 журокту оорутуп...
@user-fm2kq9ku9q
@user-fm2kq9ku9q 2 жыл бұрын
Мааниси абдан терен ыр экен .
@user-qf9ei4ub6m
@user-qf9ei4ub6m 2 жыл бұрын
Кайран акын.Жаткан жерин жайлуу болсун
@gulsyinasuerkulova6674
@gulsyinasuerkulova6674 2 жыл бұрын
Азиз.бар.бол.эки.достун.тируу.кезинде.асыл.инсандар Элмир.зайыр.экоону.коргондо.козго Жаш.келет.эки.кыргыз.чвгаандарын Таасын.корсотупсун.ден.соолукка Бай.бол
@user-cu4yy7hk1n
@user-cu4yy7hk1n 2 жыл бұрын
Жолуңдан, сени менен кездешемин Жаркырап күлүп жайнап көздөшөмүн Адашып кетсең балким айла канча Анда мен кайра ушинтип эстермин
@user-go6jf9by8u
@user-go6jf9by8u 2 жыл бұрын
Азаматсыз Кыргыздын таланттуу адамдарынын бири бар болунуз
@user-nj5ob9yn5n
@user-nj5ob9yn5n Ай бұрын
Элмирбектин аркасынан кетерин билгендей эле жазыптыр 😢😢. Бейишинен берсин баарынарга 🤲😭😭😭.
@user-kw8gc3gc8j
@user-kw8gc3gc8j 2 жыл бұрын
Аябай таасирдуу ыр экен!
@user-ni5qf6cj7i
@user-ni5qf6cj7i Ай бұрын
Азиз алтындай эле.
@user-gu1gq6fd3s
@user-gu1gq6fd3s 2 жыл бұрын
Жадатты сумсак коздор,сылык создор... Ийине жеткире окуптурсуз,бали талантыныз ташкындай берсин!
@user-zn5xl3sy1o
@user-zn5xl3sy1o Жыл бұрын
Билгендей ыр жазыптыр артынан кете берди
@muzbala3851
@muzbala3851 Жыл бұрын
АЛЛАХ бейиш насип кылсын 🤲🤲🤲
@user-pd8my6wm8m
@user-pd8my6wm8m 6 ай бұрын
Мен да жакында досумду жоготтум, артында 4 баласы калды жаш, эх досум, ыйлап ыйлап кала берет экенбиз
@user-hz9jr1xp4i
@user-hz9jr1xp4i 2 жыл бұрын
Абдан жагымдуу,бирок журокту элжиреткен,конулду чоктургон биздин залкарларды эстеткен ырактар экен. Ийине жеткире окуган экенсин Омур бакыт ийгилик коштосун.
@user-ox1jx2eh7t
@user-ox1jx2eh7t 2 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун ЭКИ ДОСТУН.
@user-xf1fx1sg4x
@user-xf1fx1sg4x Жыл бұрын
Оомиин Аллах рахматына алсын жандары жаннаттан болсун эки достун Алэми Азиздин ден соолугуна Кудайым Шыфаа берсин жеңилинен болсун .оомиин.
@user-rz3ek7ef2j
@user-rz3ek7ef2j 2 жыл бұрын
Кулактан кирип журокту эзет го.
@user-bt2og4ee4o
@user-bt2og4ee4o 2 жыл бұрын
Узаак ден соолукта болуңуз агай
@user-mc9xf3sj8r
@user-mc9xf3sj8r 6 ай бұрын
Азиз Датка жаткан жеринер жайлы болсун, досуна туболук кеттин го😭
@jein.d9780
@jein.d9780 2 жыл бұрын
Кайта кайта угуп журок ыйлайт
@user-hs7gk9uw6q
@user-hs7gk9uw6q 2 жыл бұрын
Махабат дартка айланды айыкпаган 😣
@user-rh4fl8bi1w
@user-rh4fl8bi1w 2 жыл бұрын
Сиз барбай эле койунуз
@APYU-what6379
@APYU-what6379 2 жыл бұрын
Сонун.
@user-bn7pn3sl3x
@user-bn7pn3sl3x Жыл бұрын
АТТИН ТИРУУЛУК.
@user-ps3zk5dw9s
@user-ps3zk5dw9s Жыл бұрын
Корсом эле ыйлагым келет. Не деген залкар эле. Кайран жигит кырчын бойдон кете бердин
@user-wx7zg8dt2o
@user-wx7zg8dt2o Жыл бұрын
Таланттуу инсан.Кандай каармандын ролу туш келбесин майын чыгарып аткарат..... Эки достун жаткан жери жайлуу болсун.Бейишинер кут болсун ,,легендалар"
@user-hs7gk9uw6q
@user-hs7gk9uw6q 2 жыл бұрын
Дагы эле оксугуму жоготподум
@aikenalbertova
@aikenalbertova Жыл бұрын
жаткан жери жайлуу болсун
@keldzho8663
@keldzho8663 2 жыл бұрын
Азиз аке бар болуңуз дайым! Көзгө жаш кылгыратго.
@mirgulzhunusalieva1349
@mirgulzhunusalieva1349 2 жыл бұрын
🥺
@user-hm7up2lp4y
@user-hm7up2lp4y 4 ай бұрын
Кайран жигит
@user-ub4hr8vk5u
@user-ub4hr8vk5u 2 жыл бұрын
😭
@ermekkyrgyzbaev6931
@ermekkyrgyzbaev6931 Жыл бұрын
😢😢😢☝🏻☝🏻☝🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@ulukbekasanbekuulu5521
@ulukbekasanbekuulu5521 Жыл бұрын
👍👍👍👍👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
@nsnsbsbshsnsjsjejrjfjfj6131
@nsnsbsbshsnsjsjejrjfjfj6131 2 жыл бұрын
😧😧
@user-gj1tc1xq9b
@user-gj1tc1xq9b 2 жыл бұрын
Эн сонуе
@user-os3iq7ds9e
@user-os3iq7ds9e 2 жыл бұрын
Ассалоому ваа алейкум туугандар мен ушуга обон салсам эмне дейсиздер. Же обону барбы бунун
@user-me7rg1pj9u
@user-me7rg1pj9u 2 ай бұрын
Жок обону
Гулназ Чыныбек кызы Жолуксак кандай жакшы
3:15
Гульназ Чыныбек кызы
Рет қаралды 14 МЛН
Каха и суп
00:39
К-Media
Рет қаралды 3,6 МЛН
你们会选择哪一辆呢#short #angel #clown
00:20
Super Beauty team
Рет қаралды 44 МЛН
Жайдарман | Туған күн 2024 | Алматы
2:22:55
Jaidarman OFFICIAL / JCI
Рет қаралды 1,7 МЛН
Вечный ДВИГАТЕЛЬ!⚙️ #shorts
00:27
Гараж 54
Рет қаралды 14 МЛН
...Атамдан Ата Конуш калган жок... "Айылга кат".
6:44
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 32 М.
Түмөнбай Колдошовдун ырлар жыйнагы
47:02
Түмөнбай КОЛДОШОВ
Рет қаралды 728 М.
Акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү!
28:22
УТРК Маданият
Рет қаралды 20 М.
Актёр АЗИЗ МУРАДИЛЛАЕВ акыркы сапарга узатылды...
10:22
Ош Пирим телеканалы
Рет қаралды 515 М.
Bakr x Бегиш - TYTYN (Mood Video)
3:08
Bakr
Рет қаралды 1,2 МЛН
ИРИНА КАЙРАТОВНА - АЙДАХАР (БЕКА) [MV]
2:51
ГОСТ ENTERTAINMENT
Рет қаралды 16 МЛН
Zattybek & ESKARA ЖАҢА ХИТ 2024
2:03
Ескара Бейбітов
Рет қаралды 235 М.