"Заман залкарлары"/ Беллгилүү актер Болот Бейшеналиев

  Рет қаралды 506

Кыргыз Радиосу

Кыргыз Радиосу

Жыл бұрын

Ысымы бир катар Союздук Республикаларга таанылган, киномотографияда өзүнүн ардактуу орду бар инсан Б. Бейшеналиев Кемин өрөөнүндөгү Калмак-Ашуу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктап Фрунзеге жөнөйт. Айыл - чарба институтунун механика факультетине экзамен тапшырып, тилеке каршы өтпөй калат. Кийинки жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде экономика факультетине экинчи ирээт сыноого катышат.Мында да конкурска илинбейт.Колхозго иштегени кетмекчи болуп жатканда , айылдаш агасы Кыргыз ССРинин Эл артисти К. Чодроновдун кеңеши менен опера жана балет театрынын бир жылдык студиясына өтөт. Ал жерден залкарлар Б.Миңжылкиев, Х.Мухтаров, Т. Сейталиевдер менен чогуу окуйт.Көп узабай Ташкенттеги Н.Островский атындагы Театралдык институтка кабыл алынат. 3-курста окуп жүргөндө А.Арбузовдун “Таң алдындагы шаар” драмасындагы Зябликтин образын алып чыккан.Италиялык драматург К. Гальдонинин “Киоджидеги чоң чатак” драмасында балыкчы Джузеппенин ролун аткарып, дипломдук иши “эң жакшы”деген баага арзыйт. Окууну бүтүп келип Б. Абдылдаевдин “Тайгак кечүү” тасмасында боз үй ээсинин ролун аткаруу менен кинодогу өмүрү башталат. 1964 - жылы режиссер А. Кончаловский Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин экрандаштыра баштайт. Болот Кинопробадан өтүп, Дүйшөндүн образын жаратат. Бул ийгиликтен кийин аны А.Хамураевдин “Келгин куштар” жана “Кызыл кумдар” тасмалары күтүп турду. Актер “Саманчынын жолу”, “Уркуя”, “Ак Мөөр” фильмдеринде белгилүү каармандардын ролун аткарып көрүүчулөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзыйт.“Мосфильм” киностудиясында 16 жылдай эмгектенет. Кийин кыргыз драма театрындагы төрт жылдын ичинде М. Байжиевдин: “Ар бир үйдө майрам”, “Төрт адам”, Б. Жакиевдин: “Алтын аяк”, Н.Хикметтин: “Унутулган адам” драмаларында башкы ролдорду аткарган. Актер“Мосфильм”, “Ленфильм” киностудиялары менен кошо, “Кыргызфильм” “Өзбекфильм” кино студияларында эмгек жараткан.Ал А.Тарковскийдин “Андрей Рублев” деген тасмасында хандын ролунда ,Венгриянын таанымал кинорежиссеру М. Янчонун“Жылдыздар жана аскерлер” деген кинодо Чыңгыздын, режиссер Ордынскийдин “Гоби жана Хинган аркылуу” тасмасында генерал С. Иссинин ролун экранга алып чыгат.Б.Бейшеналиев Орто Азияда баш аягы 100 киного катышкан .Кинематографияга өмүрүнүн отуз жети жылын арнаган . Кыргыз республикасынын Эл артисти Б.Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Анын уулу Азиз Бейшеналиев ата жолун улап Россияда кино тармагында эмгектенип келет.

Пікірлер
Азиз Бейшеналиев | Жаңа түнгі студияда
44:42
Мы никогда не были так напуганы!
00:15
Аришнев
Рет қаралды 6 МЛН
Alat Seru Penolong untuk Mimpi Indah Bayi!
00:31
Let's GLOW! Indonesian
Рет қаралды 15 МЛН
Кино Арт Болот Бейшеналиев
21:47
Toktosun Jakypov
Рет қаралды 6 М.
Таттыбүбү менен Болоттун сүйүүсү
10:18
Мээрим ТАШЫБЕКОВА
Рет қаралды 198 М.
Айчүрөктүн жети кемпирди жок кылышы
3:19
Манас таануу
Рет қаралды 30 М.
Чынгыз Айтматовдун "Гүлсарат" повести / 2-уктуруу
19:59
Азиз Бейшеналиев, актёрский шоурил.
9:43
Aziz Beishenaliyev
Рет қаралды 50 М.