Рет қаралды 1,385
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү, актриса Т. Турсунбаеванын өнөр дүйнөсүнө болгон жөндөмү бала чагынан ойгонгон. Ал Жумгалдын Чаек айылында орто мектепте окуган. 1960-жылы 16 жашында “Салиманын ыры” аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. 17 жашында Ташкенттеги Островкий атындагы театралдык институттун “Драма жана кино актеру” факультетине тапшырган. Студенттик куракта 1965-жылы режиссёрлор Л. Гуревич жана Б. Абдылдаевдин “Тил алчаак” аттуу картинасында Айзаданын ролун алып чыгат . 1966-жылы окуу жайды аяктап, ордо калаадагы Кыргыз Академиялык драма театрына кабыл алынат. Улуу талант театрдагы өмүрүндө Шварцтын “Кар ханышасында” - кар ханышасы, Шекспирдин “Азоого чалмасында” - Бьянка, “Отеллодо” - Дездемона, Маликовдун “Осмонкулунда” - Бүбү, Абдумомуновдун “Жыгылган оогонго күлөтүндө - Гүлмайра, “Маликасында” - Малика, “Машырбек үйлөнөттө” - Зулайда, Мустай Каримдин “Ай тутулган түндөсүндө - Шафак, Садыбакасовдун “Ак боз атында” Эркайым, Байжиевдин “Эрөөлүндө - Нази, “Ар бир үйдө майрамында - Мадина, “Байыркы жомокто” - Зулайка, айтор, ушул өңдүү дүйнө классиктери менен кошо кыргыз драматург -дарынын чыгармаларында отуздай ролду жаратып, кетти. Ал эми кино дүйнөсүнө кошкон салым кыргыз киносунун керемети менен коштолду. Актриса “Саманчынын жолунда” жаш Толгонай, “Ак куулар конгон айдың көлдө - Зейнеп, “Атадан калган туякта” - Жээнгүл, “Сүйүү жаңырыгында” - Асияны аткарды . М. Убукеев тарткан “Ак Мөөрдөн” кийин анын даңкы далайга угулду. Т. Океевдин “Отко таазимде”
У. Салиеванын каарман -дыгын терең ачып бере алган. Жеке жашоосунда жолдошу И. Эшимбеков экөөбү бир уул бир кызды тарбиялашкан. Сахнанын ханышасы 1982-жылы 37 жашында көз жумган. Соң Көлдүн чүрөгүнө аранап акын Жолон Мамытов
Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче,
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз деп ыр жазган. Кыргыз сулуусу Т.Турсунбаеванын өмүрү легендага айланып эмгектеринде жашап келет.