Рет қаралды 309
Залкар манасчы С. Каралаевдин бала чагы Көл калаасында өткөн. Ага чоң энеси Дакиш жомок айтып, элдик ырларды ырдап тарбия берген.Түшүнө Манас эки жолу кирген. Биринчисинде Каныкей, Бакай жана Айкөлдүн өзүнө чоролоруна жоолугуп, алардын колунан гүлазык ооз тиет.Кийин Алмамбет түшүндө аян берип, "Манас" айта баштаган. 1917-жылы Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде, Бухарада Мекенди коргогон. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Ч. Өмүров менен жолугуп, айтуучулук өнөрүн өркүндөткөн. 1921-1931-жылдары Караколдогу Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият институтуна иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча “Манас”эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына манасчы катарында кабыл алышкан. Каралаевдин толук варианты боюнча “Манас”эпосун жазуу иши 1935-жылдан башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин “Семетей”, ”Сейтек” жазылып алынган.Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. “Манас” эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин “Илиада жана Одиссеясынан” 20 эсе,“Шах-намеден”5 эсе, “Махабхаратадан” 2 эсе чоң экени далилденген. 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү болгон. Каралаев “Манас” эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз айта алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.С.Каралаевден “Эр Төштүк” эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамы ыйгарылган. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасынын жана андан кийинки декадаларга катышкан. 1961-жылы Өкмөт ага үй берип, тапкан калем акысына “Москвич” автомашина сатып алат. Москвада 1960-жылы болуп өткөн чыгыш таануучулардын эл аралык 25-конгрессине жетимиш жашында делегат болуп барып, бүт дүйнөдөн келген окумуштуу -лардын астында “Манас” айтып, аларды тан калтырган. Саякбай "Манас" үчилтигинен сырткары "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу аңгеме, жомокторду жараткан.С.Чокморов манасчынын 40 сүрөтүн полотно бетине тартып калтырган. Улуу жазуучусу Ч. Айтматов “Биз үчүн жыйырманчы кылымда Манас менен Каралаев ажырагыс байлык”-деп айтканы бар. Саякбай манасчыдан 12 миң метр киноматериалды кинорежиссер М. Убукеев жазып алган. Манасчы "Эмгек Кызыл Туу" ордендери, "Ардак белгиси" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамоталары менен сыйланган.1971-жылдын 7-майында 77 жаш курагында Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы борбор калаабыздагы көчөлөрдун бирине ыйгарылып,айкели орнотулган.2010-жылы 500 номиналындагы кыргыз акча бирдигине манасчынын бейнеси түшүрүлгөн.