Рет қаралды 44,315
«Эми Башкабыз»
Созу: Айбек Жумабеков
Обону: Ильяз Абдыразаков
Эң биринчи гүлдү сунганда
Махабатка бирге тунганда
Мен балкыгам сунуш кылганда
Билесинби?
Көңүл толуп анда турган да
Бирге бийлеп сүйүү ырларга
Баткан элем дайым жыргалга
Эсиндеби?
Өттү учуп сонун жылдар да
Ал учурлар толгон сырларга
Сыйкырларга
Жан дүйнөмо сенсин булук салган
Каректериң сулуу күйүп жанган.
Жылдыз санап нечен таң
Далай аткан да
Муздак шамал үйлөп кайра, кайра
Шыбырашат каптап кулагыма
Ал күндөрүң эми жок
Артта
Мурункудай мени кызганбай
Көр турмушка моюн сунгандай
Азыр башка адам тургандай
Неге
Неге
Баштагыдай сезим ыйгарбай
Кызыгы жок супсак ырлардай
Мамилебиз муздап калгандай
Деги
Неге?
Жакын эмес алыс адамдай
Кайдыгерлик каптап алгандай
Тоңгон муздай
Жан дуйномо сенсин булук салган
Каректериң сулуу күйүп жанган
Жылдыз санап нечен таң
Далай аткан да
Муздак шамал үйлөп кайра, кайра
Шыбырашат каптап кулагыма
Ал күндөрүң эми жок
Артта…
_____________________________________________
Байланыш instagram : zari.official.kg
Скачать mp3 ➡️ t.me/zarisinger