Рет қаралды 4,970
Strem my album EKÉK here: distrokid.com/hyperfollow/zer...
Lyrics:
Ай жаңырганында
Эжелер жанымда
Синдилер жанымда
Айлана кыпкызыл кан жалаң
Бул жерде бизден көп кыздар кыйылган. Аттиң!
Эркин Кыргызстандын Эркин Кызы, канттиң?
Өспүрүм кыялдарың кырылып кеттиби?
Өзүңдүн жолуңдан сен кайрылып кетпечи
Аттиң
Аппак сөз кубалап шаштыңбы
Эже-сиңдилерди саттыңбы
Килтейген жалганга баттыңбы
Ай жаңырбаса да
Менин айтаарым бар
Сенин айтаарың бар
Кебириң тилиңдин учунда
Кебиңди угузганы учур мына. Аттиң!
Эркин Кыргызстандын Эркин Кызы, канттиң?
Өспүрүм кыялдарың кырылып кеттиби?
Өзүңдүн жолуңдан сен кайрылып кетпечи
Аттиң
Аппак сөз кубалап шаштыңбы
Эже-сиңдилерди саттыңбы
Килтейген жалганга баттыңбы
(Аттиң)
Жаныңды камдагын, күрөштөр бар дагы
(Аттиң)
Өзүң жоготпогун, шериктер топтогун
(Аттиң)
Жаныңды камдагын, күрөштөр бар дагы
(Аттиң)
Өзүң жоготпогун, шериктер топтогун
Эркин Кыргызстандын Эркин Кызы сүйлөсүн
Эркин Кыргызстандын Эркин Кызын эжелер колдосун
Эркин Кыргызстандын Эркин Кызы сүйлөсүн
Эркин Кыргызстандын Эркин Кызын сиңдилер колдосун
Сөз берилсин өзүмдүн сиңдиме, эжеме, бөлөмө, жеңеме
Сөз берилсин өзүмдүн апама, тай эжеме, энеме, тай энеме