Рет қаралды 3,180
Чүй облусунун Шамшы айылынын тургуну Асанбек Сасыкулов мырза ата-энесинен калган балчылык менен кайрадан алектенип баштады. Экологиянын өзгөрүүсү, климатка ыңгайлашуу максатында ушул жазда эл аралык уюмдардын каржылык колдоосунда 23 бал челек алып, өзүндөгү 12 челекти кошуп ишти жандандырган. Жубайы Динара айым жолдошуна жана аарыларга өстүргөн гүлдөрү менен жардам берет экен. Балчылыкты өздөштүрүп жаткан Шамшы айылындагы бир топ үй-бүлө бул аракеттери менен малчылыктан башка да да киреше булактары бар экенин, малга караганда балчылык үй-бүлөлүк бюджетке, эң башкысы айлана-чөйрөнүн жакшырышына салым кошуп жатышканын айтышат. Анткени малдын башы азайса, жайыт тартыштыгы, жайыт деградациясы токтойт. Жайыттарга мал аз чыкса, жапайы жаныбарлардын тоюту көбөйүп, алар менен азыктанган Ак Илбирсибиз көбөйөт.
Айткандай, балчылыктын пайдасы абдан көп экен, абдан кызыктуу маалыматтарды уктум, кийинчерээк алар тууралуу да айтып берем. Чаңдаштырып, түшүмдүүлүккө эле кошкон салымын билгендер дагы айтаар…
ПыСы: видеону телефонго тартып, биринчи жолу монтаждадым. Ката болсо көңүл бурбаганга аракет кылып коюңуз.