Рет қаралды 382
Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк тарапта Аларча улуттук табият паркы жайгашкан. Табыйгый Арча токойлору тоолорду каптаган бул жай мамлекет тарабынан коргоого алынып, улуттук парк макамы ыйгарылган. Корук Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түндүк тарапты карай созулуп жаткан Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээлинен 1600-4200 м бийиктикте жайгашкан. Орточо бийиктиги 3300 метр.