Рет қаралды 18,414
ПАРТИЯЛАР
Шооласы күндүн өпкөн менин жерим
Шоокуму айдын өпкөн менин элим
Шологучтар добушуң сурап турат
Шорподой кайнабасын шоруң дедим
Бир кезекте болушса комсомолдор
Бул кезекте болушуп нан согорлор
Чабалактап сен шайлайм деп турганда
Жабалактап баратат оозу чоңдор
Канча ирет үлгү берди ай агалар
Катарын бузбай учуп каркыралар
Кой айга да келе албай адатынча
Койгулашып баратат партиялар