Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: www.bbc.co.uk/kyrgyz/
Пікірлер: 37
@user-jb7xx2je7r5 жыл бұрын
Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыктары Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында жайгаштырылган. Анткени, тээ Совет доорунда 1946-жылдан тартып дээрлик 22 жыл бою аталган калаада эки гидрометаллургиялык завод иштеп, тынымсыз уран өндүрүп турган. Стратегиялык мааниси чоң бул ишканалар өткөн кылымдын 1968-жылында гана жабылган. Ошентсе дагы сууга жакын көмүлгөн радиоактивдүү калдыктар бүтүндөй Борбор Азияга дагыле олуттуу коркунуч туудуруп келатат. - Майлуу-Суу шаарында ураны бар уулуу заттар көмүлгөн 23 жай дагыле бар. Баары тең сайлардын жээгинде гана жайланышкан, - деп тызылдады Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамир Кушбаков. - Бул аймактардын жээктерин чыңдоо 50 жыл илгери гана жүргүзүлгөн. Андан бери деле бирин-серин жумуштар жасалып жатат. Бирок, анчалык жетиштүү эмес. Ошондуктан, коркунуч дагыле күч! Мына, №8-калдык сактоочу жайды көрдүңүздөр, суунун кырында эле турат. Кокусунан көчкү жүрсө, аймактагы 700 миң куб уран калдыктары сүрүлүп сууга кошулса, бүтүндөй Борбор Азияны, айрыкча Фергана өрөөнүн толук бойдон ууландырат. Биздин министрлик бул максатта жыл сайын 3-4 миллион сом ажыратат. А мынча каражат, жашырып не, табигый кырсыктардын алдын алганга дегеле жетпейт. Майлуу-Суу шаарынын курамындагы Сары-Бээ кыштагынын тургуну, Северный-Южный Кара-Жыгач фельдшердик-акушердик бекетин жетектеген Гүлжан Оморалиева уран калдыктары көмүлгөн жердин чок ортосунда жашайт. Адис соңку жылдарда онкологиялык оорулар, кош бойлуу аялдардын арасында бойдон түшүү фактылары улам көбөйүп бараткандыгын ачык моюндады. - Жазында карлар эрип, жамгыр дагы тынбай жааганда, агын суулар тоолордон үзгүлтүксүз түшөт. Ошондо ичүүчү суубуз дагы моминтип булганат. Мунун кесепетинен сыркоологондор ого бетер көбөйөт, - деп ыйлактады Майлуу-Суу шаарынын Северный-Южный Кара-Жыгач фельдшердик-акушердик бекетин жетектеген Гүлжан Оморалиева. - Мен деле ушул уран калдыктары көмүлгөн жерде жашаймын. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү биздин убалыбызды ойлоп, кичине маянабызды көбөйтсө, биз дагы тамак-ашыбызды күчтөндүрүп ичет элек. Экологиялык жактан абдан катаал шарттарда жашап, иштеп жаткан бизге эч кандай жеңилдиктер дагы мамлекет тарабынан таптакыр каралган эмес! Баса, Майлуу-Суу шаарындагы экологиялык курч кырдаалга байланыштуу кош бойлуу аялдардын бойдон түшүүсү эки эсе арбыгандыгын медицина илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык проблемалар институтунун директору Рахманбек Тойчиев дагы ырастады. - Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып 2016-жылга дейре Майлуу-Суу шаарынын тургундарынын арасында атайын изилдөө жүргүзгөнбүз. Мунун жыйынтыгын карасак, 22 миң калкы бар шаарда 26 жыл аралыгында тубаса майып төрөлгөндөр калктын беш пайызын түзгөн. Ошолордун 48 пайызы, дээрлик тең жарымы - жүрөк дартына чалдыккандар. Мындан ташкары 5,3-9,2 пайызы - акыл-эси кем жаралгандар. Ошондой эле катаракта жана микросефалия оорулары дагы Майлуу-Суу шааарын беймарал эле жойлоп жүрөт, - деп коңгуроо какты Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык проблемалар институтунун директору Рахманбек Тойчиев. - Маселен, Чернобыль АЭСиндеги катастрофа маалында анын айланасында жашаган жана кырсыктын кеспетерин жоюуга катышкан адамдардын толук кандуу жашоосун туруктуу камсыздоо максатында атайын йоду бар дары-дармектерди байма-бай берип турушкан. Анткени, бул аркылуу тигилердин ооруган жерлери дароо басылып, бат сакаюусуна шарттар жаратылган. Майлуу-Суу шаарында деле бүгүн кудум ушундай кырдаал түзүлүп олтурат. Ал жерди байырлагандардын дээрлик 98 пайызынын өмүрү олуттуу коркунучта! Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамир Кушбаков кайрадан кепке кошулуп, уран калдыктары көмүлгөн жайларда атайын белгилер орнотулганы менен жергиликтүү калк ал жерлерде кадимкидей мал жайып келатышкандыгын жашырган жок: - Союз мезгилинде уран калдыктары көмүлгөн аянттар тегерете тосулуп, кадимкидей кашааланган. Тилекке каршы, кийинчерээк эл өзү аларды бүт бузуп-жарып, талкалап таштады. Айлабыз таптакыр куруганда соңку тапта тынбай калк аралап, түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын дагы ого бетер күчөттүк. Ошого карабастан дал ошол уран калдыктары жашырылган жерлерде майлуу-суулуктар улак чабышат. Мал жайышат. А жазында Майлуу-Суу шаарынын абдан кооз жана түзөң аянттарындагы уран калдыктары сакталган жайларда эс алышып, шашлык жана башка оокат-аштарды бышырып жешет. Буга дейре Борбор Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу жана уулуу заттар көмүлгөн жайларды биротоло зыянсыздандыруу максатында атайын эсеп-кысап дагы ачылып, ага Европа Биримдиги 16,5 миллион евро, ал эми Норвегия 600 миң евро которгон. Долбоор жалпысынан Борбор Азиянын Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларын ичине камтып, уран калдыктарын жоюуга 85 миллион евро керектелет деп эсептелинген. Ошону үчүн үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Лондон шаарында донорлор менен атайын конференция өткөрүлүп, сүйлөшүү дагы жүргүзүлмөкчү.
@user-hz6bw1fg7x5 жыл бұрын
Урандын пайдасынан зыйаны көп.
@user-ge9ji8qp4p5 жыл бұрын
Балалыгым ушул суу бойлогон жолдо откон
@bekbolsuncanbekuulu16245 жыл бұрын
Ураан бул күч ошол күчтү колдоно билүү керек болгону
@PHANTOM-cm2twАй бұрын
Атомдун кубаты келечекке жол!
@user-el5dh9tq6w5 жыл бұрын
Майлуу сууда жашагам жакшы шаар козго жакшы корунот
@user-yd2yb9ic5r6 жыл бұрын
Акчаны Кайда жумшалат билишибиз керек дейт биздин депутаттардан сурагыла айтып берет не кылышты
@user-gn2rd4gm1c5 жыл бұрын
Биздин койлор го ушул нерселер болсун уран деген ото жаман нерсе Кыргыздар крылып калабыз жаптрыш керек ал жерди
@shantyvekirsaliev91566 жыл бұрын
Лишбы ети средство не разворовали наши чиновники.Если урановые отходы попадут в реку катастрофа екологическая ЦА
@user-cq1fe8me5tАй бұрын
Уран ачылса Балыкчы Кочкор Колдуктор Ош Бишкек жаны жолундагы кишилер 4-5 жылга аз жашашат
@user-rh8lb2pu3z5 жыл бұрын
Кумторду сиянити жарылса бул ерунда
@stonecold99125 жыл бұрын
Адамзат кызык нерсе экен.Тыгч турган нерсени казат .Бомбаларды жасайт.бири бирин кырат.Анан дагы анын калдыгынан коркуп жашагысы келип дагы чогулуп акча жумшайт.бул жалган дунуйодо ушундай нерселер менен алек болуп журо берет турбайбы
@user-km4yp3uk6q5 жыл бұрын
*Майлуу-Суу...*
@user-rn7on7rt8o5 жыл бұрын
Ассалам алейкум кыргыз элим уранды копчулук менен токтотпосок аз эл эч нерсе кыла албайт лидерлерди активистерди коркутуп камачусун камап атышат бул ото курч маселе бийлик колунан келген бут аракетин жумшайт уранды казыш учун биз азыр 29апрельде Балыкчыда саат 09:00 митинг болот 12:00 жоо журуш болот келечегибизге урпактарыбызга кайдигер карабасак митингке чыгалы эгерде митингке аз киши чогулса окмотко + болот элибизди жерибизди колдойлу бириге турган убакыт келди элим жол бербейли колдуктор которулолу сапыралы колдуктор биримдикту эмес дер башкалар айтышат биригеличи тугандар сураныч жерибизди сактап калалы
@user-jn6gk8du3n5 жыл бұрын
Ээ акчаны жейт атка имгендер азыр ачка турат
@user-iu7rt9em5o5 жыл бұрын
Жок кылганга ушунча акча кетсе
@musictv10713 жыл бұрын
Башка олко менен келишим тузбой Мамлекет колдон келишинче озу иштесе
@user-mz1ip4dq7i2 жыл бұрын
Уранды сатпаш керек , озубуз иштеткенди уйронуш керек. Жер жузундо бир аз эле жерде болот экет. Америкада жок экен . Абдан мукташ экен алардын экономикасы уранга
@hjjjjhjj7777jgf Жыл бұрын
Ооба кыргызстан келечекте ядерный бомба чыгарыш керек ал уран менен
@user-vb6nm6yi4h5 жыл бұрын
Эмне кереги бар эле аренды чакырып ушу кунго чейин кыргыз эли урансыз эле жашап келип атабыз бизге таза аба таза суу керек башка нерсенин деле кереги жок тону раствора эле ал жактан таза суу таза абба чыкпайт не кереги бар эле
@ularbekkadyrov63475 жыл бұрын
Уран Деген емне
@denzel20005 жыл бұрын
Ютубга ёзинг коринг чикади уран деген эмне деб искать басын чыгат кыргызча тушунтургон
@denzel20005 жыл бұрын
Ото опасный нерсе Аэс терга иштетилет жангандан кийин 20-30 жыл очпойт
@azh20824 жыл бұрын
метал атом бомба атомстанцияларда колдонулат 1кг уран 235тонна комурдун куйгондогу энергия болуп чыгарганына барабар.урандын иштелип буткондон кийнки зыяны ото чон ал радияциялык излучения болуп чыгарат ал радияция ото чон зыян алып келет айлана чойрого анкалогия рак теери ооруулар аялдын бойдон тушуу жаныбарлар мутант болуп торолуу .тируу жанга ото чон зыян алып келуучу метал
@user-ro4by6fv2w6 жыл бұрын
Эмне ал Уран
@bakytbakyt79305 жыл бұрын
Атом болсо керек
@user-jb7xx2je7r5 жыл бұрын
Уулуу зат. Урандан атомный ядерный бомба жасалат. РАДИЦИЯнын зыяны боюнча Майлуусуу шаары дуйно до 7чи орун да турат. СССР убагында калып кетип жерге комулгон экен.
@user-jb7xx2je7r5 жыл бұрын
Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыктары Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында жайгаштырылган. Анткени, тээ Совет доорунда 1946-жылдан тартып дээрлик 22 жыл бою аталган калаада эки гидрометаллургиялык завод иштеп, тынымсыз уран өндүрүп турган. Стратегиялык мааниси чоң бул ишканалар өткөн кылымдын 1968-жылында гана жабылган. Ошентсе дагы сууга жакын көмүлгөн радиоактивдүү калдыктар бүтүндөй Борбор Азияга дагыле олуттуу коркунуч туудуруп келатат. - Майлуу-Суу шаарында ураны бар уулуу заттар көмүлгөн 23 жай дагыле бар. Баары тең сайлардын жээгинде гана жайланышкан, - деп тызылдады Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамир Кушбаков. - Бул аймактардын жээктерин чыңдоо 50 жыл илгери гана жүргүзүлгөн. Андан бери деле бирин-серин жумуштар жасалып жатат. Бирок, анчалык жетиштүү эмес. Ошондуктан, коркунуч дагыле күч! Мына, №8-калдык сактоочу жайды көрдүңүздөр, суунун кырында эле турат. Кокусунан көчкү жүрсө, аймактагы 700 миң куб уран калдыктары сүрүлүп сууга кошулса, бүтүндөй Борбор Азияны, айрыкча Фергана өрөөнүн толук бойдон ууландырат. Биздин министрлик бул максатта жыл сайын 3-4 миллион сом ажыратат. А мынча каражат, жашырып не, табигый кырсыктардын алдын алганга дегеле жетпейт. Майлуу-Суу шаарынын курамындагы Сары-Бээ кыштагынын тургуну, Северный-Южный Кара-Жыгач фельдшердик-акушердик бекетин жетектеген Гүлжан Оморалиева уран калдыктары көмүлгөн жердин чок ортосунда жашайт. Адис соңку жылдарда онкологиялык оорулар, кош бойлуу аялдардын арасында бойдон түшүү фактылары улам көбөйүп бараткандыгын ачык моюндады. - Жазында карлар эрип, жамгыр дагы тынбай жааганда, агын суулар тоолордон үзгүлтүксүз түшөт. Ошондо ичүүчү суубуз дагы моминтип булганат. Мунун кесепетинен сыркоологондор ого бетер көбөйөт, - деп ыйлактады Майлуу-Суу шаарынын Северный-Южный Кара-Жыгач фельдшердик-акушердик бекетин жетектеген Гүлжан Оморалиева. - Мен деле ушул уран калдыктары көмүлгөн жерде жашаймын. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү биздин убалыбызды ойлоп, кичине маянабызды көбөйтсө, биз дагы тамак-ашыбызды күчтөндүрүп ичет элек. Экологиялык жактан абдан катаал шарттарда жашап, иштеп жаткан бизге эч кандай жеңилдиктер дагы мамлекет тарабынан таптакыр каралган эмес! Баса, Майлуу-Суу шаарындагы экологиялык курч кырдаалга байланыштуу кош бойлуу аялдардын бойдон түшүүсү эки эсе арбыгандыгын медицина илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык проблемалар институтунун директору Рахманбек Тойчиев дагы ырастады. - Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып 2016-жылга дейре Майлуу-Суу шаарынын тургундарынын арасында атайын изилдөө жүргүзгөнбүз. Мунун жыйынтыгын карасак, 22 миң калкы бар шаарда 26 жыл аралыгында тубаса майып төрөлгөндөр калктын беш пайызын түзгөн. Ошолордун 48 пайызы, дээрлик тең жарымы - жүрөк дартына чалдыккандар. Мындан ташкары 5,3-9,2 пайызы - акыл-эси кем жаралгандар. Ошондой эле катаракта жана микросефалия оорулары дагы Майлуу-Суу шааарын беймарал эле жойлоп жүрөт, - деп коңгуроо какты Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык проблемалар институтунун директору Рахманбек Тойчиев. - Маселен, Чернобыль АЭСиндеги катастрофа маалында анын айланасында жашаган жана кырсыктын кеспетерин жоюуга катышкан адамдардын толук кандуу жашоосун туруктуу камсыздоо максатында атайын йоду бар дары-дармектерди байма-бай берип турушкан. Анткени, бул аркылуу тигилердин ооруган жерлери дароо басылып, бат сакаюусуна шарттар жаратылган. Майлуу-Суу шаарында деле бүгүн кудум ушундай кырдаал түзүлүп олтурат. Ал жерди байырлагандардын дээрлик 98 пайызынын өмүрү олуттуу коркунучта! Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамир Кушбаков кайрадан кепке кошулуп, уран калдыктары көмүлгөн жайларда атайын белгилер орнотулганы менен жергиликтүү калк ал жерлерде кадимкидей мал жайып келатышкандыгын жашырган жок: - Союз мезгилинде уран калдыктары көмүлгөн аянттар тегерете тосулуп, кадимкидей кашааланган. Тилекке каршы, кийинчерээк эл өзү аларды бүт бузуп-жарып, талкалап таштады. Айлабыз таптакыр куруганда соңку тапта тынбай калк аралап, түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын дагы ого бетер күчөттүк. Ошого карабастан дал ошол уран калдыктары жашырылган жерлерде майлуу-суулуктар улак чабышат. Мал жайышат. А жазында Майлуу-Суу шаарынын абдан кооз жана түзөң аянттарындагы уран калдыктары сакталган жайларда эс алышып, шашлык жана башка оокат-аштарды бышырып жешет. Буга дейре Борбор Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу жана уулуу заттар көмүлгөн жайларды биротоло зыянсыздандыруу максатында атайын эсеп-кысап дагы ачылып, ага Европа Биримдиги 16,5 миллион евро, ал эми Норвегия 600 миң евро которгон. Долбоор жалпысынан Борбор Азиянын Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларын ичине камтып, уран калдыктарын жоюуга 85 миллион евро керектелет деп эсептелинген. Ошону үчүн үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Лондон шаарында донорлор менен атайын конференция өткөрүлүп, сүйлөшүү дагы жүргүзүлмөкчү.
@best.m55 жыл бұрын
Ак кан болуб оруйт. Отта зыян нерсе озбекистан и тажикистанга да отот рак келиб чыгат как атом барго ошондой
@user-xk1fr5ex1f5 жыл бұрын
Ютубка жазсан
@ramanergeshov77665 жыл бұрын
Россия казып пайдасын коргон орустардан ондургуло акчаны
@user-wl8vo2io9i5 жыл бұрын
Росатом эмнеге акча бербейт, СССР убагында орустар казган уранды
@user-ez3yz6ov4n5 жыл бұрын
Уранды казып алышса Кыргызстанда согуш башталат бир жагын Европа бир жагын Россия бир жагын Америка ошону менен Кыргызстан жок болот