Рет қаралды 67,980
Бүгүн, 11-декабрда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот өкүмү чыгат. 10-декабрдагы жараянда прокурор Бөдөшевди 23 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесүүнү, ал эми Сейитовду жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.