"Атам менен сүйлөшүп отурууну кыялдана берем" дейт актёр Саламат Калыбек уулу

  Рет қаралды 193,525

ЭМИР АРСТАНБЕК уулу

ЭМИР АРСТАНБЕК уулу

3 ай бұрын

Кино,клиптерде көп ролдорду жараткан актёр Саламат Калыбек уулу менен тааныштырабыз.Толугу менен видеодон көрүңүз.
Saima Telekom го кошул
www.saimatelecom.kg

Пікірлер: 777
@user-jb2no3cd4m
@user-jb2no3cd4m 3 ай бұрын
Атасынын байлыгына копкон балдарга караганда ушундай кыйналып журуп жеткен ырыскы жугуштуу болот. Бактылуу бол балам, Аллахым ийгиликтин эшигин ар дайым ачып турсун🤲
@mairamarykbaeva6766
@mairamarykbaeva6766 3 ай бұрын
Кардын устундо , суукта , интервью алуунун канчалык кажети бар эле , ошончо болгондо жок дегенде термоско кайнак суу куюп алып , ысык чай ,кофе ичип отурсанар кызыктуу болмок , жотолуп да атасынар , мурдунардан суу куюлуп , буттарын бир бирине койгулап атат , ооруп калдынар го ушул берууну тарткандан кийин , коруп отуруп мен ушуп кеттим , сонун маек куруптурсунар ,жылуу жерде болсо жакшы болмок экен !!!
@grandgrande4716
@grandgrande4716 3 ай бұрын
Мен дагы ойлоп коем ,жылуу жерде эле тартса болмок экен ушутпой
@user-sj9bd3sy4x
@user-sj9bd3sy4x 3 ай бұрын
Келинчеги аябай суйот экен да ,молодец суугуна тонуп ,ысыгына куйуп кошо жашашан кошо женген аял омур боюу бактылуу болосунар.Бирок келинчегинди омур боюу сыйла .Адам аркыл болот .Эми проектилер коп болуп онуп баратсан кооп кетпе .Татынакайсын кыздарга азгырылба иним.
@user-kt8wy2gv6n
@user-kt8wy2gv6n 3 ай бұрын
Чоочун киши киносунда аябай соонун ойногонсун,азаматсын 👍👍👍👍👍👍👍
@user-yg1gx6wn2u
@user-yg1gx6wn2u 3 ай бұрын
Жөнөкөйлүгүңдөн жазбай,, аркаңдан жаман сөз ээрчитпей , ушундай жагымдуу бойдон бийиктиктерди багынтып саламатта бол, Саламат!
@user-tk2sf2uq1p
@user-tk2sf2uq1p 3 ай бұрын
Ар бир сөзү орду менен сүйлөгөн , тартиптүү жигит экен. Ооматыңды көтөрө бил🤲🏻🤲🏻
@user-oh4hh4uy3w
@user-oh4hh4uy3w 3 ай бұрын
Саламат ата-эненин, келинчегинин баркын билген, коп кырдуу таланттуу азамат жигит экенсин! Жылдызын жанып, даражан мындан да бийиктей берсин! Эмир, маек учун рахмат, ийгилик!
@user-yn1bu8gu5i
@user-yn1bu8gu5i 3 ай бұрын
Азаматсың, кыргыздын атын алыска тааныткан чыгаан жигит болооруңа ишенем❤
@user-gv8cc5cv9y
@user-gv8cc5cv9y 3 ай бұрын
Ушунчалык ачык маек бериптир.Адамдын ачыктыгы,жонокойлугу,кандай гана улуулук.
@user-sd8pj4hv4m
@user-sd8pj4hv4m 3 ай бұрын
Чоочун кишиден баштап таанып калдым , кинодогу образы жашоосуна окшойт экен, келечекте Чон актер болчу жигит экен
@dinarakermakynova5093
@dinarakermakynova5093 3 ай бұрын
Ичинде кири жок бала экен.Ийгилик.Атактуулукка жет,балам.
@cjjj6990
@cjjj6990 3 ай бұрын
Сүйлөгөн сөзү ордунда, таза, нукура, жөнөкөй жигит экен. Үй - бүлөсү менен бактылуу болсун.
@user-dz4ho9ws4o
@user-dz4ho9ws4o 3 ай бұрын
Чоочун кишиге чейин корбоптурмун. Ишинерге ийгилик, бактылуу болгула!
@alisatorogeldi6978
@alisatorogeldi6978 3 ай бұрын
Мыкты актёр экен👍 Атанын кадыры Ырдын автору экенин эми билдим,азаматсын.калемин курчуп,онорун оркундой берсин🤗🔥
@user-eg4es1or5x
@user-eg4es1or5x 3 ай бұрын
Жакшы бала экен, ийгилигиң көп болсун, балам !!! Чоочун кишини улуулар да көрүп жатабыз , бар бол 👍🙏🏻
@user-ze8oy6sp7c
@user-ze8oy6sp7c 3 ай бұрын
Китебин окунуз эн сонун.
@user-vt5es3ee4s
@user-vt5es3ee4s 3 ай бұрын
Чын жүрөгүнөн чыккан баарлашуу,экөө тең бири бирин толуктап,кызыктуу окуяларды камтыган,турмуштагы оор кырдаалдар,кыйынчылыктар Саламатты курчутуп,алдыга талпынып,бышык, чыдамдуулукка ,ойлогон максатына жеткириптир. Эмир акырындык менен маектешкен инсандын ички дүйнөсүнө шашпай кирип,катылган сырларын да билгизбей бизге жеткирип коёт.Кошо жарышып,сөз талашпайт,аябай токтоо, сабырдуу жигит. Силерге ден соолук, ишиңерге ийгилик,аман болгула!!!
@user-tg9oc1ij2o
@user-tg9oc1ij2o 3 ай бұрын
Эң таланты бар актёр экен. Толкунбектин ролун жеткире аткара алды
@user-bb2yp1tv7q
@user-bb2yp1tv7q 3 ай бұрын
Эххх жашоо. Мен да атамдын каза болгонун укпай барып, кочонун башынан уйдо калпакчан белбоо оронгон кишилер ди коруп эмне болуп кетти деп ушунчалык жаман болгом. Атам байкуш басып баратып эле жыгылып калган да. Ооруп жатса да сезмекпиз. Кудайыма керек болду окшойт курбан айтта алып кетти. Жайыныз бейиште болсун Атакем. Атасы жоктун сезимин атасын жоготкондор сезет. Сиздин да атаныздын жайы бейиште болсун🤲🤲
@asssddd302
@asssddd302 2 ай бұрын
саламат.абдан жонокой жигит .ишине ийгилик.сени 10жылдан кийин алымбек датканын ролун ойноп..жылдынзын ,мындан дагы .жанат деп ойлойм.ар бир жаш курактын озунчо жылдызы жанчу убагы болот.алга алга.
@user-nk4gb5gz6t
@user-nk4gb5gz6t 3 ай бұрын
Эмирдин суйлогону соонунда. Саламатта жай манилуу суйлойт экен,аябай жакты эфиринер.
@user-kx4jx1mq9d
@user-kx4jx1mq9d 3 ай бұрын
Чоочун киши сериалын бардык артисттер эн мыкты аткарышкан кызыгып кордум .Сонун сериал эн мыкты.
@Zikyna527
@Zikyna527 3 ай бұрын
Мага аябай жакты бул актёр 👍👍Акырын соонун суйлойт экен ...Сразу видно что воспитанный парень 👍 Молодец ждём новых серий сериала
@user-tc4zk3bb4i
@user-tc4zk3bb4i 3 ай бұрын
Жонокойлук- Адамдын жылдызы... Ото жонокой мыкты жигит экен, суйлошуп эле отургун келет го... Эркин, жонокой, кызыктуу маек болуптур! 🫶
@aibekbekjanov5412
@aibekbekjanov5412 3 ай бұрын
Чоочун киши.Биз күтүп көргөн мыкты сериал.Саламат инибиз, Толкунбектин образын жакшы чагылдырып берген.Ачык , жөнөкөй,, шайыр,жылдыздуу келечектен көптү үмүттөндүргөн жигит экенсиң.Бар бол иним.Чыыгармачылык ийгилигиң арта берсин.Сенин бейнеңди соонун кылып ачып берген,Эмир мырзага ыраазычылык билдирем.
@user-zt2ee8in7h
@user-zt2ee8in7h 3 ай бұрын
Апасынын жанына жатып алганы кызык экен,аябай эрке баласы экенда❤
@user-qn8qh5xf2d
@user-qn8qh5xf2d 3 ай бұрын
Мен 30дамын торкунго барганда чон апамдын койнуна жатып алам😂
@user-xx8xd9um6f
@user-xx8xd9um6f 3 ай бұрын
Уйдун эрке баласы ушундай болот экен ачык айрым эркелеп биздин кичинекейибизда 22 ге чыгып калды эркелейт
@user-km4sh6dw3i
@user-km4sh6dw3i 3 ай бұрын
​@@user-xx8xd9um6fМен 44то мун дагы деле эркемин.Эркелегенге апам жок,14 жыл болду.30 жашымда апам мени аяп турчу,жайы жаннаттык болсун ылайым.
@user-xw1gs2te7f
@user-xw1gs2te7f 3 ай бұрын
Мен Саламатты "Чоочун кишиден " улам тааныдым. Эң жакшы ойногонсуң. Чыгармачылык ийгилик, бийиктиктерди каалайм. Дагы сен аркылуу мыкты каармандар менен кездешели. Келинчегиң аман эсен көз жарып алсын!
@user-fk5cp1bh5t
@user-fk5cp1bh5t 3 ай бұрын
Мен Саламатты чоочун киши аркылуу тааныдым,молодец сонун аткарыпсын Толкунбектин ролун ден соолук ишине ийгилик, талантына таазим
@user-fy4gw7zh1i
@user-fy4gw7zh1i 3 ай бұрын
Азаматсын ,бироок апан бар экен.Энелуу жеттим эрке жеттим болот.Ийгилик ишине
@shakenderkenbaeva3310
@shakenderkenbaeva3310 3 ай бұрын
Саламат.балам атан бейиште журсун ,бирдемени сезесин дегенинди угуп ,пахарон деген созду угуп калдым деген созунду ,агамды коруп ыйладым десен мен кошо ыйладым балам,омурун узун болсун ,апан аман болсун ,коп жашасын ,атан корбой кеткен жакшылыктарды корсун.🤲🤲🤲
@user-hi5sn5jd5w
@user-hi5sn5jd5w 3 ай бұрын
Эн мыкты акёр экен,карапаыйм,эн жонокой,ийгилик каалайм эн негизгиси.Келинчеги Аман эсен коз жарып алсын.Ичинде Кири жок баарын айтып берди жасалма куу шумдугу жок эн соонун маек.Ийгилик
@user-zd8hs6vs8c
@user-zd8hs6vs8c 3 ай бұрын
Жакшы маек болуптур. Сизге даары алып берип, кышы менен үйүндө алып жүргөн жигитке аябай ыраазы болдум. Үйүнө барып ата энесине чексиз ыраазычылык айткым келди.
@user-zg3oz3mo2o
@user-zg3oz3mo2o 3 ай бұрын
Кыйын кундор кучтуу адамды жаратат деген туура .Адамкерчилигин , жонокойлугун кадырынды которгону корунуп турат .Апанын баркын билген адам башканын да баасын билет .Тируу кезинде кызматын кылып мээримине да тойуп ал .Апанын мээрими кандай куч береерин , эч нерсеге тен келбесин баары билсечи .Мен да турмушка чыксам да барганда койунуна жатаар элем.Бирок ал кундор эми алыс калды😢.Бул интервью дан азыркы эптеп женил акча учун маймыл болуп, оспурумдорго тескери таасир берген жаштар сабак алчудай экен. А журогу таза адамдар гана ыйлай алат . Азаматсын актерлук чеберчилигин укмуш ийгиликтерди жаратып элине кызмат кыла бер .Чоочун кишиде жеткире атаргансын.
@user-ci8nk5rm7b
@user-ci8nk5rm7b 3 ай бұрын
Саламат балам Чоочун кишиден тааныдым сонун а т каргансын же жонокой бала экенсин бактылуу жашоо Даша эмгегиндин узурун коруп
@DARI646
@DARI646 3 ай бұрын
Ушул Эмирди да кинодон коргум келет❤❤❤❤
@user-se9xv5ct6k
@user-se9xv5ct6k 3 ай бұрын
Азамат, келинчегин, апасын сыйлаган намыстуу жигит экенсин
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 3 ай бұрын
Акылдуу жигит экенсин. Жолун байсалдуу болсун! Уйун дагы, унаан болот….. Келечегин алдыда.😘👍🏻 Келинчегин красавица.😘🌺
@user-kl8jk9cd9f
@user-kl8jk9cd9f 3 ай бұрын
Саламаттын ичи-таза чындыкты айткан адам экен,ушундай бол,дайыма уй-булоон м-н бактылуу жашап адамкерчиликтуунон чон уулу экенсин,азаматсын бар бол👏👍✋🤲
@user-le3em5uv8p
@user-le3em5uv8p 3 ай бұрын
Эң сонун маек! Адамдын эң жогорку сапаты-жөнөкөйлүк.. Жөнөкөй ,жүрөгүндө оту бар жигитти,"Чоочун кишиден " тааныдым... Ишиңизге ийгилик үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!...
@user-jd3cr7tm7b
@user-jd3cr7tm7b 2 ай бұрын
Азаматсың, жакшы мыкты адам экенсиң, Чүйлүктөр кыйын болот💪, ишиңе ийгилик, чыгармачылыгың өркүндөп өссүн 👏👏👏
@user-td9ek5qu5r
@user-td9ek5qu5r 3 ай бұрын
Чынында соонун интервью болуптур Саламат мыкты актёр
@user-rw6vs1cz7o
@user-rw6vs1cz7o 3 ай бұрын
Аззаматсын ото жонокой Ичи таза бала екен ОСО турган
@user-ux7qf9ie9f
@user-ux7qf9ie9f 3 ай бұрын
Ишиңе ийгилик Саламат. Үй бүлөң менен аман бол. Өркүнүң өссүн, элдин ак батасын алып көп ийгиликтерге жет. Сени менен сыймыктанабыз.
@user-to6pz8fu5o
@user-to6pz8fu5o 3 ай бұрын
Жаркылдаган бала экен молодец өркүнүң өссүн үй бүлөлүк бакыт каалайм!!!
@SamsungGalaxy-rp7jr
@SamsungGalaxy-rp7jr 3 ай бұрын
Мынча соонун баласын, бактылуу бол, уй булон, апан Аман болсун🎉
@user-gk4ne2zu9w
@user-gk4ne2zu9w Ай бұрын
Азаматсын Саламат балам, турмуштун ысык суугун коруптурсун. Апаны, жубайыны баалап, барктап, бактылуу жашоо тартуула. Чыгармачылык ийгиликтер боло берсин. Толкунбектин ролун мыкты ойноп атасын. 👍👍👍
@user-xq1lj9mu6i
@user-xq1lj9mu6i 3 ай бұрын
Ушунчалык сыймыктанып атам көруп алып биздин айылдын баласы аман бол алтыным❤
@user-mg5sd5xj2p
@user-mg5sd5xj2p 3 ай бұрын
Сонун бала да ушул бала, жагымдуу, суйкумдуу, коз тийбесин, мыкты актёр экен сонун аткарат экен рольду, жакшы ырдайт, талантын ташкындай берсин, бравоо! Тондунар го муздак кардын устундо отуруп, ден соолук керек, озгочолонбойле жылуу жерде отурбапсынар, бечараларым😅
@user-ze8oy6sp7c
@user-ze8oy6sp7c 3 ай бұрын
Бечераларым 😅.
@user-bp2pz6uk8g
@user-bp2pz6uk8g 3 ай бұрын
Жакшынакай жигит экен,токтоо,таланттуу,жонокой.Чыгармачылык ийгилик болсун,уй булоо,апан мн аман бологой😊
@aisuluujunusova6944
@aisuluujunusova6944 3 ай бұрын
Ведущий айткандай эми ким экенин, кай жердин кулунукенин билдик. Абдан ажарлуу, талантту жигит. Онору оркундосун, бар болсун бай болсун, ушундай таланттуу балдарыбыз бар болсун.Апасы , бир туугандары аман болсун. Келинчеги да молодец менин жердеш синдим болот экен улгулуу уй було болушсун.☀️☀️☀️🔥🔥🔥
@user-mi5yk3tj7d
@user-mi5yk3tj7d 3 ай бұрын
Эмир сага чоон рахмат сонун интервью болуптур сага дагы ийгилик.❤❤❤
@sairasaira7705
@sairasaira7705 3 ай бұрын
Азамат эстүү ыймандуу ыйлаак жакшы бала экенсиң үй бүлөң апаң бир туугандарың менен аман бол. Иштериңде ийгиликтер боло берсин эрке бала Саламат.
@user-md8ux6sz3e
@user-md8ux6sz3e 3 ай бұрын
Саламаттын уну Эмил Эсеналиевдин унуно окшош экен😊.Таланты ташкындай берсин.
@aknazmuknaz4829
@aknazmuknaz4829 15 күн бұрын
Жакшы маек болуптур, башкалар ача албаган Саматты Эмир чындап жакшы маек куруп, эркин сүйлөтө алыптыр, экөөң бирдей азаматсыңар, ийгиликтерди жарата бергиле!
@DARI646
@DARI646 3 ай бұрын
Чоочун кишиде аябай сонун аткарган. Озунун эле жашоосуна окшошот экен да образы. ❤❤❤❤❤ Чындыгында талантуу жигит. Апамдын жанында уктайм дегени жакты жаным десе❤❤❤
@SB77088
@SB77088 3 ай бұрын
Жакшы бала экен Саламат, ийгилик сага.
@rinatrinato1385
@rinatrinato1385 3 ай бұрын
Кыргыздын ону🎉 Саламаттын онундой дегенге жет👍
@elizaarapbaeva1582
@elizaarapbaeva1582 3 ай бұрын
Жакшы тарбия алган жонокой жигит экен. Чоочун киши сериалынан биринчи коруп тааныдык. Молодец!
@user-jr6sn2co5w
@user-jr6sn2co5w 3 ай бұрын
Мен бул интервьюда алып баруучу эмирди аябай жакшы кором создору таап суйлой жакшы бала
@emir-hr1uo
@emir-hr1uo 3 ай бұрын
Жакшы бала экен!Жан дуйносу таза!
@premiumaiym
@premiumaiym 3 ай бұрын
Досун кандай керемет бала. Жакшы адамдар коп болсун. Кем болбосун ошол бала. 🤲
@BolotTurdugulov
@BolotTurdugulov 3 ай бұрын
Чоочун киши аябай жакшы жазылган чыгарма. Толкунбектин ролун мыкты чагылдырып жатасын ийгилик. Толкунбеке окшоп турмушунан жанылба.
@user-tn4hv7oj2p
@user-tn4hv7oj2p 3 ай бұрын
Иииий колдоп коштоп салгын келет го ❤❤❤❤😢😢😢😢😢 Жена умница, молодец 🎉❤
@user-kf5vx4fo3j
@user-kf5vx4fo3j 3 ай бұрын
Саламатка Токмоктон чоон салам ! Ушундайындан жазба балам! Аллахым сага , уй булооно ден соолук, узун омур , ишине ийгилик, ушул бойдон эн жонокой, ыймандуу болуп кала бер ! Токмоко келгенде мейманга уй булоон менен келип ,конок болгула! Кутобуз!
@baktygularykova1180
@baktygularykova1180 3 ай бұрын
Жакын билген адамдай сезилди тасмадан коргондо. Ишине ийгилик,мыкты рольдорду жаратат деп ишенем. Келбеттуу жакшынакай жигит экен. БАР БОЛ!👍🏻🌹🤲🏻
@user-ib6jx6hk9o
@user-ib6jx6hk9o Ай бұрын
Иий жаным,атандын каза болгонун айтып берсен ыйладым,озун,апан,бир туугандарын аман болсун,коп жакшылыктарга жетегой!😢❤
@user-rp7qc1ij6i
@user-rp7qc1ij6i 3 ай бұрын
Саламат азаматсың кыйын жигит экенсиң өркүнүң өсүн таланттың ташкындай берсин 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲👏👏👏👏👍👍👍👍👍👍
@premiumaiym
@premiumaiym 3 ай бұрын
Кыргыз киносунун жаны жузу. Талыкпай иштесе, жылдыз ооруусу менен оорубаса далайга жетет. Коп коп сонун ролдорду ойнойт
@Utar984
@Utar984 3 ай бұрын
Саламат , ийгиликтер коштоп журсун, Уйдо береке, ырыскы, кут кетпесин бактылуу таалайлуу омур сургуло!
@user-pb3yu8cr1v
@user-pb3yu8cr1v 3 ай бұрын
@mahabatazamat5376
@mahabatazamat5376 3 ай бұрын
Келинчегиңди ойлогон өтө сонун адам экенсиң. Ошентип сыйласаң жемишин берет молодец иним
@stalbekmansurov3326
@stalbekmansurov3326 3 ай бұрын
Саламат молодец! Буткул айыл эли сени менен сыймыктанабыз!!!
@user-sh8ro6vx3f
@user-sh8ro6vx3f 2 ай бұрын
Эмир эфирди эң сонун тарта сын балам ишине ийгилик Салам ат сонун жигит экенсиң экөөңөр тең бактылуу болгула балдарым
@user-uy1zn5kh3p
@user-uy1zn5kh3p 3 ай бұрын
Азамат жигит...атасын жоготуп апасын кадырлап калган экен❤
@dilbarabdimutalipova2428
@dilbarabdimutalipova2428 3 ай бұрын
Өнөрүн өркүндөй берсин уулум сенден чон башы көрүнгөн актер чыгат кудайым кааласа❤
@user-xn8wx6ip3d
@user-xn8wx6ip3d 3 ай бұрын
АЗАМАТСЫН САЛАМАТ,БИРИНЧИ ЖОЛУ КОРУП ЖАТСАК ДА ТАЛАНТЫНА УШУНЧАЛЫК ЖОГОРУ БАА БЕРИП,СУКТАНДЫК!! ЧЫНЫГЫ ТУРМУШТАГЫДАЙ БЕРИЛИП,РОЛУНДУ ОТО БЕРИЛУУ МЕНЕН АТКАРЫП ЖАТАСЫН! БУЮРСА КЕЛЕЧЕКТЕ ДАГЫ ДА КОПТОГОН ФИЛЬМДЕРДЕ ОЙНОП,АТАГЫ АЛЫСКА ТААНЫЛГАН МЫКТЫ АКТЁР БОЛООРУНА ИШЕНЕБИЗ!!!❤❤❤
@user-ze8ld6ni6b
@user-ze8ld6ni6b 3 ай бұрын
Ыйманы ысык адамкерчилиги менен баалуу жигит экенсин,апандын тарбиясы сонун экен,бар бол Бактылуу болуп иштерине ийгиликтер коштосун
@user-rc6sp5lh9e
@user-rc6sp5lh9e 2 ай бұрын
Чоочун киши кино тасмасын кызыгып көрдүк аябай жакшы тартылыптыр Саламат эми таанылып калды
@user-bk2tp2yg7l
@user-bk2tp2yg7l 3 ай бұрын
Азамат жигит экенсин! Ушу кезге чейин ушул жигит жонундо билбегендигиме абдан уялдым,Коп кырдуу таланты бар жигит экен, жалан кана ийгиликтер коштоп журсун, баары алдыда, келечегин кен болсун, балам! Эми кинолорунду коруп баштайын деп чечтим.
@user-vh8so7tm4q
@user-vh8so7tm4q 3 ай бұрын
Толкунбек ай Толкунбек,мыкты актер экенсиң ❤азаматсың 😍 чоочун киши сериялы мыкты чыгыптыр ,кубалап көрүп жатабыз го чиркин 😅
@mirgylseitova1397
@mirgylseitova1397 3 ай бұрын
Сүймөнкул Чокморовго окшоттум👍Чоочун кишини кызыгуу мн көрүп жатабыз. Мыкты актер 👍Азаматсыз👏👏👏ийлилик каалайбыз👍💐💐💐⛳👌
@user-pw1hl3zp9r
@user-pw1hl3zp9r 3 ай бұрын
Ассаламу алейкум туугандар, абдан сонун маек болуптур, журогу таза инсан экенин сездим Саламаттын, колдоп коштоп койолу, класстардан басып, комментарийлерден жазып койолу. Негизи Эмир алып барганы жагат. Иштеринерге ийгилик жигиттер!!!
@user-us7of9cy1s
@user-us7of9cy1s 3 ай бұрын
Өтө жонокой бала экен,ошонусу менен бийик экен.Ооматты которо бил.азамат.чооон атактуу актёр бол
@user-nf3ds1eg7j
@user-nf3ds1eg7j 3 ай бұрын
Эң жакшы сапат жөнөкөйлүк сизде ошол сапат бар экен . Чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын❤❤
@user-rv4up2sv4j
@user-rv4up2sv4j 3 ай бұрын
Саламат сага чыгармачылык чооң.ийгилик Ысыкта лыктардын атынан Аман бол Менден чооң ийгилик терди күтөбүз
@user-ze4xi4jp8q
@user-ze4xi4jp8q 3 ай бұрын
Саламат балам сага, ден соолук берсин. Чыгармачылыкта коп ийгиликтерди жарата бер!
@user-ud2el2nw3k
@user-ud2el2nw3k 3 ай бұрын
Алып баруучу жигит азаматсын.
@user-qj5hj2dc3v
@user-qj5hj2dc3v 2 ай бұрын
Саламаттын суйлогону да соонун экен кызыктуу окуяларды айтып берет экен, касиетине касиет кошулсун , ден соолукта бол ,ар дайым бар бол ,элдин керегине жараган эр азаматтан бол, кыздарын да бактылук болсун , эркек уулдуу болгула эми ,уулун озуно окшоп актер жазуучу ,ырчы болсун
@user-qj5hj2dc3v
@user-qj5hj2dc3v 2 ай бұрын
Мен дагы Саламатты Чоочун кишиден таанып баштадым ,соонун актер экен , негизи эстуу жакшы бала экен, Саламат кудайым омуруно береке берсин, ишине ийгилик каалайм , уй булон менен бактылуу жашап коп балалуу болгула , атан эрте кетиптир эми апан коп жашасын ,бир туугандарын менен бар болгула, коп тасмаларды жарата бер
@user-qj5hj2dc3v
@user-qj5hj2dc3v 2 ай бұрын
Саламат сени кудайым суук создон ,суук коздон сактасын ,абдан жакшы бала экен в жизни деле, келинчегин экооно суйуу и ынтымак каалайм ,келечегинер кен болсун ар дайым
@Marta-it2jv
@Marta-it2jv 2 ай бұрын
Абдан сонун Азамат экенсин. Бул баланын жонокойлугу,аракетчил экени корунуп турат. Денсоолук ийгилик, ойлогон оюна Аллахым колдоп жеткирсин. Аман бол балам Чоочун киши Тасман абдан жакты
@marsadisov9445
@marsadisov9445 2 ай бұрын
Саламат,сага ийгилик! Тышың менен ички дүйнөң бирдей сулуу инсан экенсиң! Баарынан да жөнөкөйлүгүңө суктандым! Бар бол азамат жигит, көп ийгиликттерди жарата бер!
@user-nk4ku7zq4q
@user-nk4ku7zq4q 3 ай бұрын
Ишине ийгилик.Дон-арыктан салам
@alymbeek
@alymbeek 3 ай бұрын
Ассаламу алейкум, азаматсынар негизи Толкунбектин ролу сонун азыркы учурда кино тармагы жакшы баратат,ийгилик!!!
@user-ni6vx4xz3v
@user-ni6vx4xz3v 2 ай бұрын
Душасы таза бала экенсин,орконун осун,апандын батасын алып аман эсен уй булон менен аман бол
@user-mi5yk3tj7d
@user-mi5yk3tj7d 3 ай бұрын
Карангы тундун жарыгы бар деген ушу да.Мындан аркы жолун жаркырап турсун.❤❤❤❤ онорун оркундосун.❤❤❤❤
@TolkunAbakirova-mh6jo
@TolkunAbakirova-mh6jo 3 ай бұрын
Өзүбүздүн бала , Чапай айлынан Жаманбаев Акматбек -окумуштуу , Имаш Эшимбеков - актёр чыккан айыл , эми Саламат сен чык, ийгилик !!!
@user-qp1kl7zs4o
@user-qp1kl7zs4o 3 ай бұрын
Чуйлук солто уурусунанбы
@damiraadyrbekova4972
@damiraadyrbekova4972 3 ай бұрын
​@@user-qp1kl7zs4o😊
@jvhcyfihkvhcgxyfuvjdtdgibi68
@jvhcyfihkvhcgxyfuvjdtdgibi68 3 ай бұрын
Токмоктун устундогу Чапаева айылыбы?
@user-jz9wx5wn6o
@user-jz9wx5wn6o 3 ай бұрын
@@jvhcyfihkvhcgxyfuvjdtdgibi68ооба
@mairamarykbaeva6766
@mairamarykbaeva6766 3 ай бұрын
Карда , суукта талаадан интервью алуу ,ооруп калбайсынарбы ???
@user-gx6pe9xk9c
@user-gx6pe9xk9c 2 ай бұрын
Саламат сен аябай таланттуу экенсин Толкунбектин рольун келтирипсин үнүң да эн сонун экен
@user-cw6rs6ce5m
@user-cw6rs6ce5m 2 ай бұрын
Бул жигитти мурун таанычу эмеспиз, чоочун кишиден кийин белгилуу болду, абдан жакшы актёр экен, онорун оркундой берсин уулум, ишине ийгилик.
@user-sd2ll6np1c
@user-sd2ll6np1c 2 ай бұрын
Саламат абдан жакты тарбиялуу, акылдуу экендиги көрүнүп турат. Өзгөчө ушундай билимдүү кызды алып алып, кор кылып, кыйнап коёмбу деп өзүнө суроо бергени, ойлонгону абдан жакты. Кыргыздын ар бир жигити ошентип ойлонсо сонун болмок❤
@orolkannasirova3481
@orolkannasirova3481 2 ай бұрын
Толкунбек, Жайна азаматсыңар жогорку деңгээлде аткардыңар күтүп көрөм сонун ❤
@user-gd5sz5ql6w
@user-gd5sz5ql6w 2 ай бұрын
Чоочун кишиден кийин тааныдым,ишине ийгилик,кыйынчылыктын баарын артка таштапсын,келечегин кен экен,коптогон ийгиликтерди багындыр
@shakenderkenbaeva3310
@shakenderkenbaeva3310 3 ай бұрын
Эмир балам кайсыл жака алып баргансын ,Саламаттын ушугон кездерин ого бетер ушутуп ,Саламат балама чыгармачылык ийгилик калайм,келинчегин азамат экен ,аял жакшы эр жакшы деген ушул балам,уйбулоолук бакыт калайм,аман эсен коз жарып алсын 🤲🤲🤲👍👍👍
@user-xj3le8cd2o
@user-xj3le8cd2o 2 ай бұрын
Талантың ташкындай берсин.Азаматсың Саламат.Уй бүлөң менен ынтымактуу бол
@rvbbjrvvbjh6074
@rvbbjrvvbjh6074 2 ай бұрын
Таланттуу бала экенсиң. Жеткиликтүү аткарыптыр азаматсың!!! Дагы көп көп кинолордон көрөлү
@gul9isman911
@gul9isman911 2 ай бұрын
Абдан терен ойлонуп , болгонун так таамай айтып,анализ жасап,баа берип суйлогон жигит экенсиң, өмүрүң узун болуп, өнөрүң өркүндөп, талантың ташкындап,элине кызматын отуп кадырлуу жигит болушунду каалайм.уй бүлөөн менен бактылуу бол.эч качан жокко чөкпөй,барга көппой,оор басырыктуу болсон баарына жетесин деп чоң энелерин
How many pencils can hold me up?
00:40
A4
Рет қаралды 17 МЛН
Como ela fez isso? 😲
00:12
Los Wagners
Рет қаралды 26 МЛН
СҰЛТАН СҮЛЕЙМАНДАР | bayGUYS
24:46
bayGUYS
Рет қаралды 738 М.
Татаал тандоо
28:57
ChaihanaTV
Рет қаралды 671 М.
Мен 20жыл карыз менен жашадым
48:40
Бегимай Табалдиева
Рет қаралды 9 М.
"Бир эки күндө чыгам деп ойлогом" дейт Чыңгыз Мамаев
37:17
ЭМИР АРСТАНБЕК уулу
Рет қаралды 52 М.