Балдар, ден- соолугуңарды чыңдоону унутпагыла, ден соолук - бул биринчи байлык. Билим алууда ага кызыгуу менен мамиле жасагыла, ошондо ал жеңил жана оңой кабыл алынат. Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлагыла. Кыялдангандан эч тартынбагыла, кыялдарыңар канчалык таза, күчтүү жана бекем болсо, алар буйруса сөзсүз түрдө аткарылат. Окууларыңарга ийгилик каалайм. Жолуңар ачык болсун! Бактылуу балдардан болгула!