Рет қаралды 38,721
Бүгүнкү күндө органикалык азык-түлүккө болгон суроо-талап жогору. Сокулук районунда дыйкан Ирлан Имакешов кулпунайды европалык стандарт менен өстүрүүдө. Ал учурда үчүнчү түшүмүн жыйнап жатат. Кулпунайлар көлөмү чоң жана ташып жүрүүдө ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт. Ушундан улам Казакстан, Россияга сатыкка алып кеткен кардарлар арбын.