Рет қаралды 718
Кыргызстанда 30 миңге жакын дарыя, арыктар бар, алардын жалпы узундугу 35 миңден 150 миң чакырымга жетет. Тоолуу өлкөнүн суу потенциалы жогору жана дарыялары ГЭС салууга ыңгайлуу. Ушундан улам өткөн кылымдын 50-жылдарынан кийин өлкөдө суудан энергия алуу үчүн суу электр станциялары курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө да ГЭСтерди куруу актуалдуу бойдон калууда. “Бизде” көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышында өлкөдөгү ГЭСтер, алардын тарыхы жана суудан энергия алуунун келечеги тууралуу айтып беребиз.