Сүйүүм турат жердин кени тургандай, Мойнумдагы ыйык аяр тумардай. Көкүрөккө сыймык толуп караймын, Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай. Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай. Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай. Таттуу сайрап элжиретип сезимди, Таң алдында үн алышкан улардай. Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп, Булбул сайрайт бутак сайын конушуп. Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер, Унутпасмын кандай күндө жолуктук. Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү, Жарык кылып көөдөндөгү түнүмдү. Сенин гана аман жүргөн карааның, Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
@user-fo4oj2py5m Жыл бұрын
Баракелде кызым !Талантына таазим! Бар бол дайыма Кудай колдоп журсун жан кызым.
@user-bl2zf1sz8z8 ай бұрын
Үнүң керемет өмүрлүү бол өнөрүң өркүндөсүн.
@user-md1io4jh9t Жыл бұрын
❤❤❤❤сүйүү жөн гана 🎉❤❤❤❤
@user-hv6zj8kw9j2 жыл бұрын
Кандай сонун керемет ун баракнде омурлуу бол кагылайын ырларыг абдан конулду клторот....
@user-yz2gv2kf8c2 жыл бұрын
Менин дообушум сизге.
@elmiraasanakunova39362 жыл бұрын
Ушул ыр жагат жолдошума арнап ыр кеседе ырдадым,мазмуну,👍Жакшы ардаптыр комуз менен унуно береке.
@user-yz2gv2kf8c2 жыл бұрын
Азаматсыз!!мына үндөп сиздикин айтсам болот.
@user-sn6ge3ft9g11 ай бұрын
😅
@user-zo8ce8pg3t Жыл бұрын
Жакшы ыр. Эски ырларды ырдайт десе адыр адыр тоолордон деп ырдап журотго бир тентек. Айтматов чыгармада ушундай бир тентек бар мааниси жок вры менен деп кошуп жазган. А бир тентек кыйраткансып ошону ырдап журот. Элзарга окшоп ырдасын жагымдуу ун менен
@user-wf5yo9xn5j2 жыл бұрын
Иии бул ырың жакшы экен менин мемди ужасно чакты 😤😤😤