Рет қаралды 341,109
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевди жана бийлик өкүлдөрүн теледебатка чакырды. Бул тууралуу Мадумаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө билдирди. Анын айтымында, 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго туура кол коюлган.
Мадумаров бул протоколдун уландысы катары 2009-жылы декабрда кол коюлган документти ачыкка чыгарууга чакырды.
Ал эми телекөрсөтүүгө катышкан Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Мадумаров кол койгон протокол боюнча абдан көп суроо болуп жатканын белгилеп, ал документти Жогорку Кеңеш тааныбай турганын билдирди. Талкууну толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүз: www.azattyk.org/a/30172363.html