Рет қаралды 3,206
________________________________________________________________________________________________
Айсулуу Алмаз Инстаграм - @madamize | / madamize
Айсулуу Алмаз Фейсбук - @aisuluu.almaz | / aisuluu.almaz
Айсулуу Алмаз Телеграм жабык канал - “Дени сак мамиле” | t.me/denisakmamile_bot
* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *
Эмне үчүн “күйөөгө кантип жагуу керек” деген курстар жардам бербейт?
Мен киммин, мен кандай жашоо каалайм, укуктарым тебеленип, сөз эркиндигим чектелип жаткан турбайбы, мен кантип өнүгөм, азыркы абалыман кантип суурулуп чыгам деп, биздики сымал эркек сөзү, каада-салт басымдуулук кылган коомдо кыздар, айымдар кантип ойгонот, канткенде өзүн таанып, жашоосун өзгөртө алат деп изденип отуруп, клиникалык психолог Доктор Шефалинин “Ойгонуу” аттуу китебин таап алып окуп жатам бул жума…
Эго түшүнүгүнө биздин коомго, өзгөчө биздин коомдогу айымдардын абалына ылайыкташтырып, сонун аныктама бериптир.
“Эго, ичиңдеги үнгө жакындарың тарабынан кайдыгер мамиле жасалып, үнүң коомдун калыптанып калган түшүнүктөрү, система, каада-салт тарабынан басылып, анан айланаңдагылар, коом, система, каада-салт сенден каалап, талап кылып жаткан адамдын образын жасап, жакшы, ийкемдүү бирөө болуп кийип алган беткабың,” дейт доктор Шефали…
Так эле “эл эмне дейт” деп кийип алган беткабыбыз…
Анан бул нерсенин да эң чоң курманы кыздар, айымдар да сөзсүз түрдө…
Созолонгон жакшы кыз бол, оокатты талбай жасап тың бол, кийин күйөөң 2 күндөн кийин жеткизип койбосун, кайын журтуңа жага тургандай унчукпаган жакшы, жоош келин бол, баланын бүт жоопкерчилигин мойнуңа алган кыйын эне бол, күйөө да бала, ал сенин чоң, улуу балаңдай эле болуп калат деген сымал тарбиялар кыздардын өзүнүн үнүн, бул жашоодон күткөн максатын тааныбай, кокуй эл эмне дейт деген эго беткабын кийип чоңойгонуна эң негизги себепчи…
Анан турмушка да көпчүлүк учурда “ай кара далы болуп кетмей болдуң, күйөө албай калат” деп ар ким шаштырып, болочок күйөөсүн таанып-тааныбай чыкканы үчүн, турмуштун чындыктары бетке чапканда үй-бүлөдө көйгөйлөр көбөйүп, мамилебиз баягыдай болбой сууп баратат, “күйөөгө кантип жагам” деген курстарга барсамбы деген маселе келип чыгып жатат…
Ал курстар 1-2 наздануу, мырзам мага көңүл буруп койсоң боло деген ыкмалардан үйрөткөнү менен, маселени тээ тамырынан чечпегенден кийин, кредит алып окуган курсуң күйөөдөн 1-2 гүл белекке алууга гана жетет…
“Күйөөгө кантип жагуу керек” деп курстун аты эле айтып тургандай, тууган-туушкандын баарына эл эмне дейт деп эго-беткап жасап кийип алганың аз келгенсип, эми күйөөгө да кошумча аракет кылып жагуум керекпи деген сымал аракеттер баягы эгоңдун тамырына суу гана себет…
Ошондуктан, мен киммин, мен кандай жашоо каалайм, мен сүйлөп жаткан сөзүм өзүмдүн ичимдеги үндөн чыгып жатабы же эгом айтып жатабы, ойгонсом кантет, бирөөгө эмес, алгач өзүмө жаккым келет, эл үчүн эгомду эмес, өзүм үчүн рухумду баккым келет, эми кандай аракет кылам деп толгон токой-акча берип курс издеген эмес, көкүрөгүңө баш багып, өзүңдү издеген маанилүү…