Нуржигит Кадырбеков - Кыргыз тилинин келечеги барбы?! (ПДВ #5)

  Рет қаралды 34,625

DIGITAL UNITY

DIGITAL UNITY

Күн бұрын

Кыргыз тилинин бугунку кырдаалы жонундо, коомдук, мамлекеттик ишмер, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков менен маектештик
Нуржигит Кадырбеков / nurzhigit_kadyrbekov_o...
Бабур Шералиев - / babur_sher
Миран Кульбаев - / miran_kulbaev
#НуржигитКадырбеков #kyrgyzstan #кыргызтили
0:00 Башталышы
8:27 Тарыхы
13:33 Совет бийлигинин жылдарында мамиле
21:34 Диалект
26:00 Алфавит реформасы
30:39 Эне тил биринчи орунда турат
39:11 Тилге болгон сүйүүнү өнүктүрүү
49:05 Миграция маселеси
51:00 Улутчул
54:18 Насирдин Байтемировтин сөздөр
59:25 Корутунду

Пікірлер: 254
@user-ts7mm6qg6c
@user-ts7mm6qg6c 10 ай бұрын
Мен дагы орус мектепте окуп ойлорум дагы орусча болуп калган. "Ат айланып казыгын табат" дегендей азыр кыргыз тарыхын, салтын, наркын окуп озгорулдум. Орус тилин керектуу учурда колдонбосом суйлогум келбей калды. Албетте орус тил аркылуу коп дуйнолук китептерди женил окуганым болбосо. Биз кыргыздар дуйнолук китептерди кыргызча которсок жакшы болмок.
@_ker1mbekov04_
@_ker1mbekov04_ 10 ай бұрын
Сонун👍🏻
@nagimamaksatbekova5847
@nagimamaksatbekova5847 10 ай бұрын
Ойлонуп эле калдым… Кандай болор экен…
@user-ts7mm6qg6c
@user-ts7mm6qg6c 10 ай бұрын
@@bekkanbaiyshbekov1475 Эрнистин которуп болгон меенеттерин угуп буттум. Аудио китеп кыргызча китеп калбады окубаган. Сынган кылычты 3 жолу уктум го чиркин... Керемет китеп. Айтматовтун тоолор кулаганын деги тушунбодум. Бул озунчо дениздей философия экен.
@user-vs3ps3lb9x
@user-vs3ps3lb9x 9 ай бұрын
Нуржигит кадырбеков эркек эл уулу ыймандуу чечкиндуу акылдуу маладез ийгилик алга
@user-od5go4nh2t
@user-od5go4nh2t 9 ай бұрын
Телескоп каналы корунуз,кыргызча тарыхий окуялар бар
@kyrgyzztanec
@kyrgyzztanec 10 ай бұрын
Мен орус тилинде суйлогон уй-булоодо чонойгонмун, орус бала-бакчасына барып, орус мектепке, орус Университетинде окуп аяктагам. Ойлонуп коптогон ойго баттым, оз тилимди, Ата-бабамдын тилин жоготуп унутуп бараткандай болдум! Мына 2 жылдан бери кыргыз тилин жакшы суйлоого аракеттенип журомун! Буйруса балдарымды да кыргыз тилин уйротуп чонойтууга милдет алдым! Тилибизди жоготпошубуз керек!Тилсиз биз эчким эмеспиз!
@user-zd6qy6ox5t
@user-zd6qy6ox5t 9 ай бұрын
азаматсың!
@SuusarShadykanova
@SuusarShadykanova 4 ай бұрын
Эң жакшы ананайын, эне тилин унутпайлы.
@Sentiment_
@Sentiment_ 4 ай бұрын
Азамат
@akperishukurkyzy4089
@akperishukurkyzy4089 10 ай бұрын
Кыргызча берүү үчүн ыраазычылык! Уланта бериңиздер. Эң сонун жумуш.
@gkim4741
@gkim4741 10 ай бұрын
Азаматсыздар , менда айылда чонойгом «Кыргызча» Гана суйлойм. Орусча жана Англис тилин уйронгом. Жана сыймыктанам уялбайм.Азыр Чикагодомун Аллага чексиз мактоо шугур.
@user-xn9gy6ns6z
@user-xn9gy6ns6z 10 ай бұрын
Нуржигиттин урматына силердин каналынарга катталдым,ал эми силердин Кыргызча суйлогон аракеттинерге бир чон лайк бастым
@user-cd6hb7ub3k
@user-cd6hb7ub3k 10 ай бұрын
Мен ушул подкасты бир күндө 3 жолу көрдүм. Орусияда чоңоюп калганым үчүн, мен дагы алып барычуу балдардай сүйлөйм 😅. Бирок жарым жыл мурун, кыргыз тилин өздөштүрө баштадым. Чынгыз Айтматовтун чыгармасын, кыргызча окуп баштаганда, ошондо билдим Кыргыз тилин такыр эле билбейт экенмин. Убакыт өтүп азыр күндөлүкө дагы кыргызча жазышка аракет кылам. Нуржигит байкеге чоң ыраачылык, аябай билимдүү, илимдүү инсан. Алып барычуу балдар сонун эле акцент жок сүйлөйт экен, кичине сөздүгү аз экен, бирок бул нерсени китептер бат эле оңдоп койот. Эң башкысы аракет болсо, баары болот деп ишенем. Чынында, мигранттар маселеси аябай чоң көйгөй, мен көрүп эле жүрдүм азыркы ата энелер балдары менен орусча сүйлөшөт. Алардын айлана чөйрөсү орусча, үйдө дагы орусча. Менин сиңдим 3 жашынан бери Орусияда өскөн, бирок үйдө биз менен кыргызча сүйлөшөт эле, ошого байланыштуу, сиңдим орусча, кыргызча, туркчө жана англис тилинде суудай сүйлөйт. Айтайын дегеним, Орусияда жүргөн туугандар, балдарыңарга кыргызча сүйлөгүлө, кийин балдарыңар же кыргыз эмес же орус эмес, өздөрүнө эле кыйын болот. Подкастка келсек, чынында сонун болуптур. Кыргыз тилинде пайдалуу нерселерди угуп, өзүнчө бир ырахат алдым. Ошого ишиңиздерге ийигилик, дагы да болсо Кыргыз тилинде дагы да көп контент болот деп ишенем. 👍🏻
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 10 ай бұрын
Азаматсыз.
@Azamattashmatov.
@Azamattashmatov. 3 ай бұрын
Мыкты ой,пикир
@bek3605
@bek3605 10 ай бұрын
Подкасттардын эң мыктысы ушул болду! Уланта бергиле! Кыргыз тилди өнүктүрүү керек. Азаматсыңар! Дагы деле көп подкаст чыгаргыла кыргыз тилде!
@user-ej3ey9be5y
@user-ej3ey9be5y 10 ай бұрын
Жигиттер азаматсынар! Баарыбызга 5 жылдан кийин таза кыргыз тилиндеги аудио берүүнү көрүү насип кылсын. Бирок кыргызстанда жашайсынарго 1 жыл десенер жакшы болмок. Нуржигит байке кыргыз эли,тили үчүн баштаган иштеринизди ар дайым ийгилик коштосун.
@KELECHEK_life_media
@KELECHEK_life_media 10 ай бұрын
Азаматсыңар жигиттер. Эмики кезек Кыяз Молдокасымов агайдан тарых тууралуу маек алгылачы.
@user-rt5qh7mc3m
@user-rt5qh7mc3m 10 ай бұрын
Кыргыз тилин сактап калуу үчүн ,баардык мектеп,бала бакчаны кыргыз тилинлеикылуу керек. Азыркы шаарда жашаган муундардын баары орус тилинде сүйлөшөт. Минтип отурса кыргыз тилин жоготуп алуу коркунучу бар.
@Miyras001
@Miyras001 10 ай бұрын
Podkas jaqsı shıqqan 🔥👏 Qaraqalpaq elinen salem👋 Tilin joytqan el , ózin joytadi Qirgiz❤Qaraqalpaq
@Digital-Yntymak
@Digital-Yntymak 10 ай бұрын
Kyrgyz Elinen Karakalpak tuugandarga salam ❤
@user-ku4xv5dc2r
@user-ku4xv5dc2r 10 ай бұрын
Эн жакшы, азаматтар! Тилин унуткан,улутун унуткан менен барабар.
@user-id5pi7we1s
@user-id5pi7we1s 9 ай бұрын
Карачы кыргыз элим, жалан кыргызча пикир ойлорун жазыптыр баардыгы. Оркундой бер кыргыз тил!!!!
@dinasultanova6621
@dinasultanova6621 10 ай бұрын
Аллах ыразы болсун сизден сиздей кыргызга тилге динге кызмат кылгандар кобойо берсин оомин.
@Monnie_chan0
@Monnie_chan0 10 ай бұрын
Биринчиден балдары неберелери кыргызча окуткула
@ALGYR.KGZ11
@ALGYR.KGZ11 10 ай бұрын
Көөнөргүс байлык кыргыз тилим. Агайдын өмүрүнө береке берсин эң сонун маек болуптур жигиттер азаматсыздар алгалай бериңиздер👏🏼💥🤩
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 10 ай бұрын
Азаматсыздар жигиттер. Силердин кыргыз тилинде алып барган берүүңөр аябай жакты. Мурдагы берүүңөрдү көрүп, эмнеге орус тилинде деп көп жактыра берген эмесмин. Сиздердин КЫРГЫЗ тилинде берүүңөр көп болсун. Сиздерге ийгилик каалайм. Нуржигит Кадырбековго терең ыраазычылык билдирем. Ушул жигиттердин сүйлөгөнүн сындабай, колдоп турганы мени аябай сүйүнттү. Кыргыз эли улуу элбиз. Ар бир КЫРГЫЗ өз тилин чанбай, өз тилинде сүйлөсө, КЫРГЫЗ эли жоголбойт. Азаматсыздар.
@kyrgyzztanec
@kyrgyzztanec 10 ай бұрын
Кыргыз тилинде подкаст кылып бергениниздерге чоон ыраазылыгымды билдирейин!Сиздерге Рахмат🤍🇰🇬
@eldiiar-nurzat
@eldiiar-nurzat 10 ай бұрын
Рим деле бир күндө жаратылбаган. Баардык нерсени өзүңдөн баштоо бул ийгиликке карай ташталган эң чоң башталгыч кадам. Азаматсыңар жигиттер, дагы да көбүрөөк кыргыз тилиндеги подкаст уктурууну күтөбүз
@FaridaUrmat-nd2tt
@FaridaUrmat-nd2tt 10 ай бұрын
Аябай соонун подкаст болуптур! Нуржигит Кадырбековдун билимине,акылына жана чечендигине баа бредим!👏 Улгу алчуу интсан экен!👍
@ainuramamajunusova4406
@ainuramamajunusova4406 10 ай бұрын
Алла ыраазы болсун жигиттер.соонун маек болуптур.Кыргыз тили оссун.онуксун.киргиздер да кыргыз болууга аракет кылгыла.Кыргыз тили улуу тил.биз урматташыбыз керек
@zeynsame2538
@zeynsame2538 10 ай бұрын
Эки жолу кордум Агайдын урматына. Азаматсынар жигиттер. Бармак бастым)), катталдым каналынарга!
@mesary9649
@mesary9649 10 ай бұрын
Чон ырахмат ушундай орчундуу маселени которуп, талкуулап, тушундуруу иш аркетинер учун. Азыр Кыргыз учун эн актуалдуу тил маселесин кобуроок, жонокой ыкмада корсотуу абдан маанилуу. Кудайым баарыбызга акылмандык, куч-кубат бере кор🙏🙏🙏
@topuraq
@topuraq 10 ай бұрын
Кыргыз тилинде подкасттарды уландай бергиле, сонун чыгат экен👍
@user-xk8ep2mu9p
@user-xk8ep2mu9p 10 ай бұрын
Азаматсыңар🎉🎉🎉🎉🎉
@lionlionov9224
@lionlionov9224 10 ай бұрын
Сонун эле суйлөйт экенсинер, эч уялбай, тажырыйбанарды топтой бергиое. Keep going!
@user-ff7im5ve6s
@user-ff7im5ve6s 10 ай бұрын
Жигиттер ийгилик силерге. Өтө маанилүү чоң маселени көтөрүпсүңөр. Кудай буйругу менен азыр жаш муун кыргыз тилине көңүл буруп баштады
@user-qp5nr9dl7b
@user-qp5nr9dl7b 10 ай бұрын
Нуржигит Кадырбеков илимдүү, билимдүү элдин уулу. Өзү бир топ тилде сүйлөй алса да ар дайым эне тилибизде мыкты сүйлөгөн,анын өнүгүшүнө салымын кошкон жакшы инсан.
@user-gi8qc2lb9k
@user-gi8qc2lb9k 10 ай бұрын
Алга жигиттер!!! Баары соонун ушундай кылып тарткыла, кыргыз тилге басым кылгыла, мен деле орус мектепти бутком бирок тарыхты окууган сон, эне тилге болгон суйум кучоду!
@user-zu3zj8fr6g
@user-zu3zj8fr6g 10 ай бұрын
Азаматсыңар
@adileterkinbaev6966
@adileterkinbaev6966 10 ай бұрын
БАР БОЛУҢУЗДАР!!!❤
@user-mi6rg3nq5b
@user-mi6rg3nq5b 10 ай бұрын
Азаматсынар, Бабур,Миран ишинерге ийгилик,аракетинерге береке,Кыргыз деп келгем дуйного,Кыргыз деп отом дуйнодон,Эне тилин,эне сутун унутпаш керек, бар болгула ,,
@Digital-Yntymak
@Digital-Yntymak 10 ай бұрын
Чон Рахмат жылуу создорунорго
@aselasel2223
@aselasel2223 9 ай бұрын
Азаматсынар ...🎉🎉🎉😊😊😊ойгонолу кыргызым ...
@user-ke1bo8qz4g
@user-ke1bo8qz4g 10 ай бұрын
Алга
@samaraabdimalikkyzy3415
@samaraabdimalikkyzy3415 9 ай бұрын
Сонун ото кызыктуу майек болуптур. Ал учун жигиттерге жана Нуржигит байкеге терен ыраазычылык билдирем.🤗👍👍💐💐💐
@user-ow5ci2uc1u
@user-ow5ci2uc1u 4 ай бұрын
Кандай гана акылдуу терең сөздөр, ар бир чыгарылышты көрүп өзгөчө ырахат алам, кыргыз тилин колдонуу жана билүү бул биздин милдет. Кыргыздар бири бирибиз менен өз тилибизде сүйлөшсөк эле оңолот деген ишеничтемин.❤❤❤
@Kokosss1653
@Kokosss1653 10 ай бұрын
Биз дагы коп жылдан бери Россияда турабыз,баламды эн биринчи орусча уйротконмун мектепке барганда кыйналып калбасын деп,азыр кыргызча уйронуп атат бирок аябай окуном биринчи оз тилин билиш керек экен!
@user-tr3uy6gc3r
@user-tr3uy6gc3r 10 ай бұрын
Азаматсыңар,азыркы жаштар кантип баатыр болосуңар? Кыргыз тилин,дилин сактасаңар,ушундай баарлашууну көбөйтсөңөр биз силерди Баатырлар дейбиз😊
@user-gc6qh3kh8r
@user-gc6qh3kh8r 10 ай бұрын
Соонун подкаст . Чон рахмат . Аракет , жакшы ниет бизден болсун , калганын Аллахым озу бизге туздоп берет , Ин ша Аллах
@user-jj1lh6iu1z
@user-jj1lh6iu1z 10 ай бұрын
Кыргызга Динди кармап жашоо Милдет эмес !!! Кыргызга Наркын сактап , Каадасын кармап ,Салтын барктап Жашоо Милдет !!!!!
@user-ug4lm1lm8s
@user-ug4lm1lm8s 10 ай бұрын
Эң мыкты жигиттер , эң сонун , чооң рахмат
@user-lr3rs7is8k
@user-lr3rs7is8k 10 ай бұрын
Нуржигит Кадырбеков 🔥🔥🔥🔥
@boriswillis8709
@boriswillis8709 10 ай бұрын
Смотрим с Америки :) Баракелде жигиттер!
@user-vl2ex4zk1v
@user-vl2ex4zk1v 10 ай бұрын
Корейлер балдарды окутканда биринчи очередь оздорунун история сын окутат экен Нуржигит агай туура айтат
@user-gm4hh4hk1y
@user-gm4hh4hk1y 10 ай бұрын
Жигиттерге рахмат Ийгилик каалайм!
@adisabdyldaev1739
@adisabdyldaev1739 10 ай бұрын
чет мамлекетке чыгып, өзүмдүн тилимдин, жэримдин барккын анык билдим. Мег дагы орус мектепти бүтүп “чала-кыргыз” болуп калгам, андан тышкары жакындарым да орусча сүйлөп калган. бир жылдын ичинде Германиядп жашап, немис тилин бат эле үйрөнүп кеттим. Ошол өнүгүшүм бир гана практика аркылуу болду деп ойлойм. Ошондуктан, кыргыз тилинде каталар менен да болсо, уялбай сүйлөп баштайын деп өз алдымда максат койдум. Сиздин Podcast чооон ыраазычылыгымды билдирем ❤️
@antdxb4172
@antdxb4172 10 ай бұрын
Абдан сонун маалымат, Молоко убежала-Сүт чуркап кетти деп кулгон убакыт да болгон.
@MNM0199
@MNM0199 10 ай бұрын
😇кандайсыздар, сиздер да тилдин онугушуно салым кошуу үчүн дайыма кыргызча алып барсаныздар жакшы болот экен. Суйундум сиздердин кыргызча суйлогонунуздорду коруп.❤
@mixlab7243
@mixlab7243 10 ай бұрын
Чамдай бергиле, ийгилик!
@user-ev7gh6sg2f
@user-ev7gh6sg2f 10 ай бұрын
Туура айтасыз тил мн улутсун дейт кыргыз тили өсүп өнүксүн🇰🇬🇰🇬
@nurdoolotbaktybekov8531
@nurdoolotbaktybekov8531 10 ай бұрын
Эң мыкты 😍. Ушундай берүүлөр көбөйсө буюрса тилибиз да өнүгөт деп ойлойм 😊
@Za00b02
@Za00b02 10 ай бұрын
Аябай пайдалуу, уккулуктуу чыгарылыш болуптур👍 дагы кыргызча выпусктар болсун
@Tukok
@Tukok 10 ай бұрын
Баштан акырына чейин жылдырбай коруп чыктым. Сонун болуптур. Бобур ака Миран ака респект силерге
@nurbolotrasuljanuulu8186
@nurbolotrasuljanuulu8186 10 ай бұрын
Нуржигит Кадырбеков эн мыкты адам
@Tattygul_28
@Tattygul_28 10 ай бұрын
Нуржигит агай азаматсыз, уюштуруучулар га ла чоон рахмат,
@asman447
@asman447 10 ай бұрын
АКМди чыкырыш керек созсуз, Озгочо бир беруу болмок. Нуржигит агабыз аябай башкача адам сыйлайм
@blumbrain3732
@blumbrain3732 10 ай бұрын
Мен мен деп атып чарчайт ал
@amankkg
@amankkg 9 ай бұрын
Азамат Бабур! Подкастыңарга йгилик 👍
@user-madiyar-iman
@user-madiyar-iman 10 ай бұрын
👏
@user-ru7be8lf2r
@user-ru7be8lf2r 10 ай бұрын
Тилибизди өнүктүрөлү алга жигиттер эң сонун беруу болуптур.
@kalysosmon
@kalysosmon 5 ай бұрын
Ыракмат бул маекке! Айылда өсүп, эне тилим кыргыз тили болсо да, бир учурда кыргыз тили кереги жок, келечеги жок деп калгам. Азыр оюм башка, кыргызча китептерди көп окуп калдым, кыргыз тилиндеги кесиптик жамааттарда демилгелерди көтөрүп баштадым. Балдарым кыргызча сүйлөбөгөн көйгөй мага да таандык, аны чечүү жолдорун издеп жатам.
@burma-asmr
@burma-asmr 10 ай бұрын
Менин биринчи подкастым КЫРГЫЗ тилинде 🫠 издеп таппай жургом озу эле чыгып калды🤗 ЭН СОНУН❤
@aidanausenova9354
@aidanausenova9354 10 ай бұрын
Бир эл дини,тили,тарыхы менен ийгиликке жетет👍😎
@dastanmakenov3913
@dastanmakenov3913 10 ай бұрын
Кыргыз тилинде дагы дагы тратыңыздарчы🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@saskeff5524
@saskeff5524 10 ай бұрын
Азаматсын иним денсоолук калай Ийгилик❤❤❤❤
@user-iv7lw8of5z
@user-iv7lw8of5z 8 ай бұрын
Ушундай адамдар коп болсун🤲🤲🤲🥺
@user-jq6vb6pp9l
@user-jq6vb6pp9l 10 ай бұрын
Мен 60ж.ж.Фрунзеде торолгом,ясли, садик,мектеп -орусча,мектепке окуганыбызда синдим экообузду ата-энебиз каникулда тайятамдыкына алыпарып коюшчу эле,ал жактан кыргызча суйлоп келчибиз,ошентип эки тилде бирдей суйлоп калдык.
@jdiehdjcjicjwjdifbe8898
@jdiehdjcjicjwjdifbe8898 Ай бұрын
Уйдо жон гана кыргызча суйлошкуло
@hdhdhdbdbdh335
@hdhdhdbdbdh335 10 ай бұрын
Соонун көрсөтүү болуптур. Дагы да ушундай орчундуу маселедеги берүүлөрдү күтөбүз. 👍👍👏👏👏
@user-xh8wj5ii6r
@user-xh8wj5ii6r 5 ай бұрын
Азаматсынар жигиттер, алга!!!
@zinakaraeva9468
@zinakaraeva9468 6 ай бұрын
Эне тили дайыма биринчи орунда туруш керек. Эн туура айтып жатасын балам.
@user-tk7pm7gz2u
@user-tk7pm7gz2u 10 ай бұрын
Сонун чыгарылыш. 👏👏👏👏
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 10 ай бұрын
Жигиттерге айтаарым, кыргыз тилин окуп үйрөнүүгө аракет кылалы. Азаматсыздар.
@user-nw9qg2cm9d
@user-nw9qg2cm9d 10 ай бұрын
Депутаттык мандатына толук татыктуу экенине бүгүн дагы бир далил болгон экен. Бабур, Миран силерге ыраазычылык билдирем кыргызча подкаст кылганыңар үчүн. Чынын айтсам силерди кыргызча такыр билбеген адамдар деп ойлогом. Бирок кыргызча таптак эле суйлойт экенсиңер көп адамдарга караганда)))).Өтө жакшы подкаст болду. Бул чыгарылыштын көп адамдарга пайдасы тиет деп ишенем.
@neme_kg6256
@neme_kg6256 10 ай бұрын
Колдойбуз
@mr.bekbosun
@mr.bekbosun 10 ай бұрын
Азаматсынар жигиттер. Оркунунор оссун
@altynbeish7834
@altynbeish7834 10 ай бұрын
Мыкты жигит экен 👍👍👍
@beklines616
@beklines616 10 ай бұрын
Азаматсыңар !!!
@kg3197
@kg3197 10 ай бұрын
Азаматсынар аракет кылыбтырсынар жигиттер!
@user-lc2wg7zt6t
@user-lc2wg7zt6t 9 ай бұрын
Эмкиде кыргыз философиясы как наука жонундо подкаст сниммте.... Многие незнают что у нас есть своя философия.... Оооочень интересная тема И также санжыра жонундо подкаст кыргысча кутобуз Мага отто кызыктуу канал болдунар!!!! Алга
@user-lt8zx4zg8l
@user-lt8zx4zg8l 10 ай бұрын
Сөз баккан адамдар көп болсун!
@user-se8lf5iq1t
@user-se8lf5iq1t 9 ай бұрын
Сонун чыгарылыш болуптур 💯🔥
@_arab-uygurkz9750
@_arab-uygurkz9750 10 ай бұрын
Мендей жоксунарбы туугандар,мен озум Араб болсом да Кыргыз тилди суудай билем,менин апамдын чон чон чон чон чон апасы таза Кыргыз болгон екен,менин угушума коро Селжук заманында Шамга келищиптир ал жактвн бираз жашап Иорданияда гочуп кеелгендерин уккам
@ChynaraAibek_
@ChynaraAibek_ 10 ай бұрын
Аябай жакты, азаматсыздар. 💜👍 Кийинки чыгарылышыңыздарда.Ош окуясын изилдеп чыккан, жакшы түшүндүрүп бере алган,адамды чакырсаныздар аябай ыраазы болот элем.Бул гана эмес, баардык төнкөрүлүштөрдү, анализдеп Бир талкуулоо болсо, соонун болмок. Эмнегедир биз, биринен да сабак албагандайбыз
@Stella8.8
@Stella8.8 9 ай бұрын
Молодцы ребята, очень важная и интересная тема для сохранения нашей нации, истории, культуры и государства в целом. Успехов!
@Mir-KG
@Mir-KG 13 күн бұрын
Ото сонун молодцы
@invkg
@invkg 10 ай бұрын
Ийгилик балдар!
@nurzhamaldzhanuzakova6316
@nurzhamaldzhanuzakova6316 10 ай бұрын
Бабур 👍🏻👍🏻👍🏻
@ainashkhan7312
@ainashkhan7312 6 ай бұрын
Азаматсынар жигитер!Чон Рахмат!Лайк !
@user-ub7nn3lk3m
@user-ub7nn3lk3m 10 ай бұрын
Ийгилик жигиттер !!! Кубанычтабыз
@user-hz4vi5zm6x
@user-hz4vi5zm6x 10 ай бұрын
Кыргыздын Тилин Билген Духун Сезет
@Melis_Myrza
@Melis_Myrza 10 ай бұрын
Дайыма эле подкастты кыргызча жазгыла. Угуп туралы
@user-zt2eu4ku8r
@user-zt2eu4ku8r 10 ай бұрын
Сонун беруу болуптур, азаматсынар👍👍👍 Ведущий суроо бергенче Нуржигит мырза жудоп кетти😂
@user-hm5lp9fk4g
@user-hm5lp9fk4g 10 ай бұрын
Азаматсыздар❤ Менин кызым 6да, келерки жылга 1- класска барат. Аябай ойлонуп жатамын Кыргыз класскабы же Орус класска берген туурабы - деп. Бирок Орусча сүйлөп, Кыргызча түшүнөт бирок сүйлөбөйт.
@user-gi9jm4hg2u
@user-gi9jm4hg2u 10 ай бұрын
Эн туура, койгой бул соз байлыкты онуктуруубуз керек биздин тилибиз жоголуп баратат
@user-kk6he8dc9n
@user-kk6he8dc9n 10 ай бұрын
🔥🔥🔥
@Jjklomno090fg
@Jjklomno090fg 10 ай бұрын
👍👍👍
@user-jq6vb6pp9l
@user-jq6vb6pp9l 10 ай бұрын
Азаматсынар,абдан сонун подкаст болду.Ийгилик !!!❤❤❤❤❤❤❤
@user-xi7lj2zj7m
@user-xi7lj2zj7m 2 ай бұрын
Туура айтасыңар орус мектеп менен кыргыз мектепти бүткөн балдар таалим -тарбиясы, кулк- мүнөзү такыр башка... Кызым улуту кыргыз болбосо да кыргыз мектепти бүттү.
@ibragimovabualma3753
@ibragimovabualma3753 Ай бұрын
Өтө сонун орчундуу маселенин козгодунар,балли! Мен көбүнчө китептерди орусча,кыргызчаны түштүк авторлордун жазганын издеп таап окуйм,себеби тундуктук авторлордун кыргызча жазган же которгонун такыр түшүнбөйм.туштуктуктор өтө сөзгө бай, жөнөкөй тилде сүйлөшөт жана жазышат .ошондуктан алардын жазган чыгармалары тез эле түшүнүп,кабыл алам!
@user-fb7ni1sk1w
@user-fb7ni1sk1w 10 ай бұрын
Шикарный выпуск ребят, желаю вам удачи в вашем деле, продолжайте в том же духе🫶🏻
@bekbolsunbektenov2370
@bekbolsunbektenov2370 4 ай бұрын
Молодцы ребята, просмотрел ваши подкасты и узнал очень многое.
@er_buium
@er_buium 10 ай бұрын
Кыргызча сүйлөйлү туугандар 😊
1❤️#thankyou #shorts
00:21
あみか部
Рет қаралды 88 МЛН
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 27 МЛН
Ызаткан Жусупова  в прямом эфире!
3:03:39
Ызаткан Жусупова
Рет қаралды 7 М.